АГА-БУРЯТ АВТОНОМИЯ ОКРУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГА-БУРЯТ АВТОНОМИЯ ОКРУГУ Россиянын аймагында. Чита облусунун курамында. Сибирь федерация округуна кирет. Забайкальенин түштүк-чыгышында. Ингода жана Онон дарыяларынын аралыгында жайгашкан. 1937-жылы 26-сентябрда уюшулган. Аянты 19,6 миӊ км2. Калкы 77,3 миӊ (2009). Округдун курамында 3 район, 4 шаарча бар. Борбору ‒ Агинск шаарчасы. Аймагынын басымдуу бөлүгү тоолуу. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы ‒24°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. Башкы дарыясы ‒ Онон (ал аркылуу округдун түш. чек арасы өтөт). Тоолуу бөлүгүндө боз, түздүктөрүндө кара топурак басымдуу. Шортоӊ жерлер да кездешет. Аймагынын 30%ын токой каптап жатат. Алханай улуттук паркы уюшулган. Калай, жез, сурьма, молибден, вольфрам, алтын, көмүр, талаа шпаты, асыл таштар казылып алынат. Табияты калктын жашоосуна жагымсыз. Тоо-кен казуу өнөр жайы өнүккөн аймактарында жана жайыттарында экология татаалдашууда. Топурактын эрозиясы күчөп, жайыт деградацияга учуроодо. Жергиликтүү калкы ‒ буряттар, ошондой эле орус, украин, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,2 киши. Тоо-кен, токой, тамак-аш өнөр жайлары бар. Кой, уй, жылкы асыралат. Дан эгиндери (буудай, арпа, сулу) жана тоют өсүмдүктөрү айдалат.

Ад.: География Читинской области и Агинского Бурятского автономного округа. Чита, 2001; Агинский Бурятский автономный округ; Путеводитель. Б.м., 2004. С. Айткулова.