АВУНКУЛАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВУНКУЛАТ (лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке менен жээндин ортосундагы укуктарды жана милдеттерди жөнгө салган салт. Авункулаттын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, ошондой эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. Авункулат боюнча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн таята, таене, калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай таяке, таеже, таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү жээн болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык менен аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар менен да туугандык мамиле улантылат.

А. Жапаров, Ы. Кадыров.