АВТОТИПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОТИПИЯ (авто... сөзүнөн жана грек тилинен typos – форма) – атайын даярдалган форма. 1) бастырмалуу элементтерди камтыган басма формаларын жасоонун фотомеханикалык процесси. Жогорку басма каражаттары аркылуу жарым түстүү сүрөттөрдү көбөйтүү үчүн колдонулат (фотосүрөттөр, акварель ж. у. с. нерселер). Учурда автотипия заманбап технологиялык каражаттардын жардамы менен колдонулат. 2) Растр (Растр караңыз) клишеси менен болгон оттиск.