АВТОТЕРМЕЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОТЕРМЕЛҮҮ ‒ сырткы өзгөрмөлүү күч аракет кылбаса деле кандайдыр бир системадагы басаӊдабоочу термелүү. Анын амплитудасы, жыштыгы, мезгили ошол термелүүчү системанын гана касиеттерине көз каранды болот. «Автотермелүү» терминин 1928-жылы орус физиги А. А. Андронов киргизген. Ал принципиалдуу түрдө термелүүнүн башка түрлөрүнөн айырмаланат. Мисалы, аргасыз термелүүдө бул термелүүлөр болуп турушу үчүн системага сырттан мезгил-мезгили менен аракет этүүчү күч талап кылынат. Автотермелүүгө мисал катары сааттын маятнигинин термелүүсү, электр коӊгуроосун жана радиотехникалык генератордогу электр термелүүлөрүн караса болот. Термелүү басаӊдабаш үчүн булактан системага берилген энергия анын сарпталган энергиясын толуктап туруусу зарыл. Мындай толуктоо жалпысынан термелүүнүн ар бир толук мезгилинде болуп турат. Автотермелүүнү пайда кылуучу система энергия булагынан үзгүлтүксүз энергиянын келип турушун жөнгө салуучу түзүлүштөн турат. Мисалы, саатта маятник ‒ термелүүчү система, пружина ‒ энергиянын булагы, анкер энергиянын маятникке келишин жөндөйт.