АВТОРДУК ЭКЗЕМПЛЯР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОРДУК ЭКЗЕМПЛЯР – автордук келишимге ылайык, авторго (анын мураскоруна) басмакана тарабынан акысыз негизде берилген китеп басылмасынын экземпляры (нускасы). Адабий чыгарманын биринчи басылышында 10 автордук экземпляр берилет. Кайра басылып чыккан учурда авторлордун санына карабастан 2 экземпляр берилет. Которулуп басылып чыккан чыгарманын авторуна, сүрөтчүлөргө, график сүрөтчүлөрүнө жана музыка авторлоруна автордук экземплярдын аз саны берилет. Учурда автордук экземпляр ушундай эле тартипте жүргүзүлөт.