АВТОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОНОМИЯ (гр. аutonomia ‒ өзүн-өзү башкаруу, autos ‒ өзү жана nomos ‒ мыйзам) ‒ жалпыланган маанисинде кандайдыр бир маселени өз алдынча чечүү укугу; саясатта ‒ конституцияда бекитилген, мамлекеттин кайсы бир бөлүгүнүн өз алдынча башкаруу укугу. Эки формасы белгилүү ‒ саясий жана административдик автономия. Саясий автономия ‒ укугунун көптүгү, өзгөчө Конституция, мамлекеттик бийликтин жогорку уюмдарынын болушу менен мүнөздөлөт. Административдик автономия ‒ башкаруу сферасын гана камтыйт, анын укуктарын мамлекетинин борбордук уюмдары аныктайт. Конституциялык укукта мамлекеттик, облустук, улуттук-аймактык автономияга байланыштуу «саясий» жана «администрациялык» автономия түшүнүктөрү таркалган. Эгерде автономиялык бөлүк автономиялык республика формасында түзүлсө, башкаруунун бул формасын «саясий» автономия деп аташат, аны менен мамлекетке мүнөздүү болгон жогорку ранг жана укуктары баса белгиленет. Эгерде автономиялык бөлүк автономиялык облус, округ формасында түзүлсө, ал мамлекет эмес, мамлекеттик түзүлүш болуп эсептелет. Анын статусу автономдук республиканын статусуна караганда төмөн жана административдик-аймактык бөлүктүн статусуна жакын. Ошондуктан, мындай автономия көбүнчө «администрациялык» деп эсептелет. Автономия дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Алсак РФ субъектилери: Калмык Республикасы ж. б.; АКШдагы штаттар; Германиядагы Баварияга окшогон жерлер ж. б.

Бекбосун кызы Айдай