АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОБИ́ЛЬ ЖОЛУ ‒ автомобилдердин үзгүлтүксүз, ыӊгайлуу жана коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн ылайыкталган курулуштар комплекси. Эл аралык, чарбалык маанисине жана жол кыймылына жараша автомобиль жолу: мамлекеттик, облустук, райондук, айылдык жана башка болуп бөлүнөт. Автомобиль жолунун машина жүрүүчү бөлүгү жолдун негизги элементи болуп саналат. Анын бетине бышык курулуш материалдары төшөлөт. Автомобиль жолунун өзөн, тереӊ коо жана башка менен кесилишкен жеринде жасалма көпүрө жана башка курулуп,транспорт өтүүчү ири түтүктөр орнотулат, өткөөлдөр жасалат. Кыймылды жөнгө салуу үчүн автомобиль жолуна жол белгилери жана көрсөткүчтөр коюлат. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстанда Фрунзе‒Рыбачье ‒Нарын‒Торугарт; Нарын‒Казарман; Ысык-Көлдү айланта; Фрунзе‒Ош; Ош‒Хорог; Талас‒Жамбыл жана башка ири жолдор курулуп пайдаланылууда. Азыркы күндө республикабызда мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдун узундугу 20000 кмден ашык (2020).