АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК КОНДУРУУ ‒ кондуруучу системадан жогорку тактыктагы сигналды алып, керек жабдуулар менен самолётту аэропортко кондуруу ыкмасы. Азыркы учурда көптөгөн авиалайнерде колдонулуучу бул система 1964-жылы тажрыйбада текшерилип, 1965-жылы пайдаланыла баштаган. Күн бүркөктө же түн ичинде автоматтык кондуруу абдан натыйжалуу. Самолёт учкучтун жардамысыз коно турган тилкечеге автоматтык түрдө бет алдырылып, кыймылдаткычтарын өчүрүү менен токтоткучу (тормозу) ишке киргизилет.