АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ ‒ автоматтык (өз алдынча) тартипте объектинин физикалык чоӊдуктарын көрсөтүлгөн программада өзгөртүүчү техникалык түзүлмөлөр тутуму. Анда ар кандай башкаруу маселелери коюлат. Алардын эӊ жөнөкөйү ‒ автоматтык турукташтыруу. Анын мындан тышкары ээрчиме жана программалык башкаруу ж. б. түрлөрү бар. Турукташтыруучу башкарууда объектинин айрым физикалык чоӊдуктары (мисалы, басым, температура, ылдамдык ж. б.) берилген көрсөткүчтө кармалып турат. Учуучу аппараттарды (самолет, ракета ж. б.) автоматтык башкарууда траекториялык, терминалдык (чекиттик) жана автоматтык кондурууну башкаруулар орун алат. Системалар коюлган маселеге, шартка карата аныкталган, оптималдуу, ылайыкташкан (адаптивдүү) түрүндө курулат. Системада колдонулуучу сигналдын түрүнө карата үзгүлтүксүз, импульстук, санариптик (цифралык) деп бөлүнөт. Азыркы учурда көп мындай системалар микропроцессор техникасынын жана микроЭЭМдин негизинде курулат.

Ж. И. Батырканов.