АВТОМАГИСТРАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАГИСТРА́ЛЬ (автожана лат. magistralis ‒ башкы), а в т о с т р а д а ‒ автомобилдердин тоскоолсуз тез жүрүшүнө арналган чоӊ жол. Ал шаардын жана өнөр жай борборлорунун чет жагына салынып, ага төмөнкүдөй талаптар коюлат: алдыда келе жаткан автомобилдер үчүн өзүнчө өтө турган жол тилкеси бөлүнүшү; бир деӊгээлдеги кесилиш жолдор

Бишкек — «Манас» аэропорту автомагистралы.

болбошу; Автомагистралга кошулуучу же андан бурулуп кетүүчү автомобилдер үчүн атайын тилкеси болушу керек. Жолдун жүрүүгө жарактуу бөлүгүнүн кыймылдын ар бир багыты үчүн экиден кем эмес тилкеси болуп, бөлүп турган тилкеге атайын орнотулган тосмо менен бирге анын кеӊдиги 5 мден кем болбойт. Автомагистраль үчүн эстакада курулмасы мүнөздүү болот. Кыймыл көп болсо автомагистралга туруктуу жарык берүү зарыл. Жүк ташуучу автомобилдер көп жүргөн учурда жеӊил жүк ташуучу автомобилдер жана автобустар үчүн өзүнчө жол бөлүнүүгө тийиш. Жол белгилери жана сигналдары боюнча Эл аралык конвенцияга (1968, Вена) ылайык автомагистралдын башталышына жана аягына атайын жол белгилери орнотулат (мис., Европада Женева ‒ Париж, Барселона ‒ Бильбао автострадалары, АКШда ‒ Лос-Анжелес ‒ Сан-Франциско ‒ Сиэтл автострадасы; РФде Домодедово (Москва) аэропортуна барчу жол, «Дон» (Москва ‒ Ростов-на-Дону) жолу, Кыргызстанда «Манас» аэропортуна барчу ж. б.)

Ад.: : Бабков В. Ф. Автомобильные дороги. М., 1983.