АВТОЖҮКТӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОЖҮКТӨГҮЧ (авто... жана жүктөгүч ) ‒ жүктү көтөрүп-ташуучу, дөӊгөлөк менен өзү жүрүүчү машина. Кезеги менен алмаштырып турма жумушчу жабдыктардан (чөмүч, кыстарып- кыпчып, орой кетүүчү айры, түрмөктөр жана кыска түтүктөр үчүн штырь, чубурма материалдар үчүн чөмүч ж. б.) турат. Ал дааналай жана чубурма жүктөрдү жүктөйт, түшүрөт, ошондой эле жайгаштыруу, которуп ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 т келген автожүктөгүч кеӊири колдонулат. Автожүктөгүчтүн электр кыймылдаткычтары менен жабдылганы түрлөрү да бар.