АВТОГАМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОГАМИЯ (автожана гр. gamos ‒ нике) ‒ 1) татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өзүн өзү чаӊдаштыруусу. Аларга дан өсүмдүктөрүнөн буудай, сулу, арпа, чанактуулардан буурчак, төө буурчак ж. б., көпчүлүк отоо чөптөр кирет; 2) бир клеткалуу организмдердин өзүн өзү уруктандыруусу. Анда эки ядронун биригиши жүрөт (мис., диатом балырлары, айрым амёбаларда). Мында клетка ядросу экиге бөлүнүп, алар жетилгенден кийин кайра кошулат.