АВТОБУС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОБУС [авто (мобиль ) жана (омни) бус] ‒ жүргүнчү ташуучу автотранспорт. Азыркы кездеги автобустун тарыхый «бабасы» омнибус ‒ белгилүү маршрут боюнча жүргүнчү ташуучу, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты катары чыккан. Ат сүйрөгөн омнибус менен шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу алгачкы жолу 1662-жылы Францияда уюштурулган. Автобус 20-кылымда пайда болгон. Алгач ал жыгач чанак (кузов) орнотулган

ГАЗ-03-30 автобусу (1933).

жүк машинасынын шассисин элестетчү. Автобус 1914-жылдан кеӊири пайдаланууга бериле баштаган. Москвада такай жүргөн автобус каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу 1924-жылдан, Бишкекте 1945-жылдан кийин уюштурулган. Автобус класстарга (микроавтобустан да чоӊ автобуска чейин), ар бир класс өз кезегинде арналышына карата модификацияга [шаардык, шаар айланасындагы, шаар аралык (туристтик), жергиликтүү каттамдагы, алыска каттоочу] бөлүнөт. Жүргүнчүлөргө арналган микроавтобуста 9‒15, өтө чоӊунда 250гө чейин орун болот; ылдамдыгы 120 км/с (алыска каттаган автобус үчүн). Анын чанагы вагон түрүндө жасалат. Астыӊкы негизине кыймылдаткыч, кыймыл берүү кутусу, алдыңкы жана арткы дөӊ-

Neoplan-116 шаар аралык автобусу (Германия).

гөлөк октору бекитилет. Кыймылдаткыч автобустун алдына, ортосуна же артына орнотулат. Азыркы автобуста жүргүнчүлөр үчүн жана айдоочуга зарыл түрдөгү жайлуу орундар камсыздалган.