АВТОБИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОБИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМА – жазуучунун өзүнүн өмүр жолуна негизделип жазылган чыгарма. Мындай чыгармалар автобиографиялык роман, повесть, аңгеме, эскерүү, кат ж. б. жанрларда жаралат. М. Элебаевдин «Узак жол» повести, А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттер», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным», К. Акиевдин «Баскан жол» сыяктуу чыгармалары акын-жазуучулардын өз өмүрү жөнүндөгү баян-эскерүүлөрү автобиографиялык чыгарма болуп эсептелет, к. Мемуар.