АВТОБЕКЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВТОБЕКЕТ ‒ жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жана жүк ташуучу унаалар менен камсыз кылуучу автотранспорттук мекеме. Ал жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу Автобекет болуп бөлүнөт. Жүргүнчүлөр автобекети ‒ шаар аралык жана шаар айланасындагы автобус катнаштарында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган курулуш тутуму (к. Автовокзал). Жүргүнчүлөр автобекети чакан шаарларда жана райондун борборлорунда, автобустун акыркы токтоочу жеринде курулат. Жүк ташуучу автобекети ‒ жалпы пайдалануудагы автомбиль транспорт системасында шаар аралык жүк ташуу ишин жүргүзүүчү транспорт уюму. Ал ири шаарлар менен өнөр жай бор-

Бишкек автобекети.

борунан сыртка кеткен жолдордун чыга беришине, темир жол станциясына (бекетине), деӊиз жана дарыя портторуна жакын курулат. Жүк ташуучу автобекетинин негизги милдети ‒ жүктү өз убагында ташып жеткирүү; транспорттук-экспедициялык иштерди аткаруу; автомобилдин жүрүү графиктеринин аткарылышын текшерүү жана жүк жөнөтүүчүлөр менен эсептешүү. Кыргызстандын бардык райондорунун борборлорунда жана шаарларында жүргүнчүлөр автобекети, ири райондордо жүк ташуучу автобекети бар.