АВСЮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВСЮК Григорий Александрович [16 (29). 12. 1906, Санкт-Петербург ‒ 30.11.1988, Москва] ‒ орус физикалык географы, гляциологу. География илимдеринин доктору (1953), СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1960), академик (1984). Жер жөнүндөгү илимдер секциясынын Океанология, атмененын физикасы жана география бөлүмүнүн академик-ретарынын орун басары. Тоо мөӊгүлөрүнө стационардык байкоолор жүргүзүүнүн демилгечиси. 1956-жылдан эл аралык геофизикалык жылдын программасы боюнча советтик гляциологиялык изилдөөнү даярдоого жана жүргүзүүгө жетекчилик кылган. 1948‒52-жылдарда Тянь-Шань физикалык география станциясынын жетекчиси. Авсюктун эмгектери Теӊир-Тоонун азыркы муз каптоосун, мөӊгүлөрдүн температуралык режимин изилдөөгө жана гляциологиянын жалпы маселелерине арналган. Эмг.: Горы юго-восточного Казахстана. А. А., 1945 (совм. с М. С. Калецкой, С. Н. Матвеевым); Температура льда в ледниках. Труды Института географии АН СССР. 1956, Вып. 67.