АВСТРОНЕЗИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВСТРОНЕЗИЯЛЫКТАР ‒ австронезия тилинде сүйлөгөн эл, Тайвань аралынын жергиликтүү калкы (гаошандар). Түштүк Чыгыш Азиянын чамдары, индонезиялыктар жана филиппиндиктер, чыгыш тиморлуктар, малайзиялыктар, сингапурлуктар, малагасийлер, полинезиялыктар, меланезийликтер, микронезиялыктар брунейликтер ж. б. Саны 400 000 000 киши (2016). Австронезиялыктар деңизде сүзүү технологиясын (катамаран, балансирлөөчү кайык, үч бурчтуу парустук кайык ж. б.) ойлоп табышкан, бул алардын Индия жана Тынч океанындагы аралдарга тезирээк жайгашышына шарт түзгөн. Б. з. ч. 5–4-миң жылдыктарда Австронезиялыктар жамааты ыдырай баштаган. Айрымдары Япон аралына көчүп кетип, алар менен ассимиляцияланган. Б. з. ч. 4–3-миң жылдыкта Филиппин аралы аркылуу Малай архипелагына жайгашып, Жаңы Гвинеянын түндүк жээгине чейин жетишкен. Андан ары Бисмарк архипелагына, Фиджи жана Тонга аралдарына, Полинезия, Микронезия, Малайзия жана Индокытай жарым аралдарына отурукташкан. Негизги кесиби ‒ дыйканчылык, мал чарбачылык жана балык уулоочулук.