АВСТРИЯ-ТҮРКИЯ СОГУШТАРЫ
АВСТРИЯ-ТҮРКИЯ СОГУШТАРЫ (16‒18-к.) ‒16-кылымдын 20-жылдарынан негизинен Балкан жарым аралынын түндүк бөлүгү жана Венгрия королдугунун аймагы үчүн австриялык Габсбургдар менен Осмон империясынын ортосунда күрөш жүргөн. 1521-жылы түрктөр Венгрияга жортуул жасап Белградды ээлейт, кийинчерээк венгриялык-чехиялык армияны талкалайт (29-август 1526). 1532‒1533, 1540‒1547, 1551‒1562, 1566‒1568, 1660‒1664-жылдарда Австрия-Түркия согуштарынын жыйынтыгы Австрия менен Түркиянын Венгрия королдугунун аймагын бөлүштүрүп алуу менен аяктаган. 1683‒99-жылдары согуш Түркиянын аскерлеринин Австрияны басып кирүүсү, Венаны курчоосу менен (1683) башталып, түрктөргө каршы түзүлгөн коалициянын (Австрия, Польша, Венеция, 1686-жылы Россия) аскерлеринен жеӊилген жана Европадагы ири аймактарынан айрылган. Ушундан соӊ түрктөр Борбордук Европадан чегинген. 1737‒1739, 1788‒1790-жылдарда Австрия-Түркия жана 1735‒1739, 1787‒1791-жылдары орус-түрк согуштарында Россия тарапта катышкан Австрия жеӊилип калган соӊ, Осмон империясына Сербиянын жана Валахиянын айрым бөлүктөрүн кайтарып берген.