АВСТРИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВСТРИЯЛЫКТАР (өздөрүн Цsterreichеr ‒ эстеррайхер деп аташат) ‒ эл, Австриянын жергиликтүү калкы. АКШ, Италия, Германия, Канада, Аргентинада да жашашат. Жалпы саны 8 894 389 киши (2019), өлкө калкынын 88,6%и Австрияда. Немец тилинин жергиликтүү диалектинде сүйлөшөт. Австриялыктардын этностук негизин байыркы герман уруулары (алеман, бабар, свевдер), 6-кылымда славяндар (словен), ошондой эле кельт, рет, иллирийлер түзөт. Дини ‒ католик. Австриялыктардын көпчүлүгү шаарда жашап, өнөр жайларда иштешет. Кыштактагылар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык менен кесиптенишет. Жогорку жана Төмөнкү Австрияда немец, Тиролдо жана тоолуу райондордо альпы (2 кабаттуу, алды таш, үстү жагы жыгачтан), Форарльбергде алеман тибиндеги (жыгачтан), айрым жерлерде топурактан согулган, үстү саман менен жабылган үйлөрдү курушкан.

Тиролдук карыя.

Улуттук кийими ‒ желети менен ак көйнөк, эркектер кыска булгаары шым, куштун канаты тагылган шляпа, аялдар бүйүрмөлүү юбка кийишет. Австриялыктар негизинен сүт азыктарын, ошондой эле ун азыктарын пайдаланышат.