АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ ‒ Австралиянын жергиликтүү элдеринин тили (бардыгы 600дөн ашуун тил, алардын ичинен 450гө жакыны кийинки 100 жыл ичинде жоюлуп кеткен). Типологиялык жактан Австралия тилдери мүчөлөмө (тагыраак айтканда, префикстешүүчү-суффикстешүүчү жана суффикстешүүчү) тилдердин тобуна кирет. Префикстешүүчү тилдер континенттин түндүгүндө (Арнемленд, Кимберли жарым аралында, Дампирдин жеринде), ал эми суффикстешүүчү тилдер Австралиянын калган бөлүктөрүнө, ошондой эле Арнемленддин түштүк-батышына жана Кейп-Йорк жарым аралына тараган. Анын жазмасы жок. Австралия тилдеринин тектештиги далилденбеген жана аны изилдөө негизинен 20-кылымдан башталган.