АВСТРАЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

[АВСТРА́ЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ]

АВСТРАЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ ‒  Австралия материгинин батыш жана борбордук  бөлүктөрүн, ошондой эле  Жаӊы Гвинея аралынын түштүгүн камтыган кембрийге чейинки байыркы структура. Архей ‒ төмөнкү протерозой фундаменти метаморфизмге дуушарланган жанар тоо, гнейс, гранит тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку протерозой ‒ палеозойдун чөкмөлөрү (жабындысы) терриген, карбонаттуу жана жанар тоо (платобазальт) тектеринен турат, к. Австралия.