АВСТРАЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search


АВСТРАЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ Австралия жана ага чектеш аралдарды камтыйт. Ал 5 кичи облустан: Австралия (Австралиянын көпчүлүк бөлүгү, Тасман аралы), Папуас (Жаӊы Гвинея жана батыш тараптагы аралдар), Жаӊы Зеландия (Жаӊы Зеландия жана Окленд, Макзори, Чатем аралдары), Полинезия (Полинезия, Микронезия жана Меланезия аралдары) жана Гавайиден (Гавайи аралы) турат. Австралия зоогеографиялык облусунун эзелтен берки географиялык обочолонуусу, анын аймактарында байыркы жана өтө сейрек учуроочу эндемик, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүнүн калыптанышына алып келген. Бул жерде жөнөкөй сүт эмүүчүлөр, анын ичинде бир тешиктүү жумуртка туучулар (өрдөк тумшуктар, чүткөрлөр) жана баштыкчандар (160ка жакын түрү) басымдуулук кылат. Австралияда бөрсө (кенгуру), баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан суусарлар, баштыкчан кашкулактар, баштыкчан жарганаттар, баштыкчан көр чычкандар, вомбаттар, баштыкчан аюу (коала), баштыкчан ибилис ж. б-лар жашайт. Кемирүүчүлөр жана жарганаттардан башка чөптүү плаценталуу сүт эмүүчүлөр Австралия зоогеографиялык облусуна адам алып келип, кийин жапайы түргө айланып кеткен (жапайы коён, чочко, түлкү, ит ж. б.). Баштыкчандар Австралияда адатта башка континенттерде чөптүү (плаценттүү) сүт эмүүчүлөр жашагандай жерлерди ээлейт, ошондуктан булардын тиричилик мүнөзү окшош калыптанган. Бул облустагы 700гө жакын куштардын 450дөйү (казуарлар, бейиш кушу, балчылар, кооз куйруктуулар көп, тоту куштар, таажычан көгүчкөндөр, чабакчылар ж. б.) эндемиктер. Сойлоочулардан ‒ жалдуу крокодил, гаттерия, геккондор, жакалуу кескелдирик, тикендүү кескелдириктер, сцинктер кезигет. Жыландардын көбү уулуу, негизинен аспид уруусуна кирет. Тузсуз сууда жашоочулардын мүнөздүү өкүлү ‒ эки түрдүү дем алуучу мүйүз тиш балыгы. Түндүк Австралия зоогеографиялык облусунун (Папуас кичи облусу) жаныбарлар дүйнөсү Инди-Малайя зоогеографиялык облусунун фаунасына окшош. Ад.: Рептнер В. Г. Общая зоогеография. М., Л., 1936; Бобринский Н. А., Гладков Н. А. География животных, 2-изд. М., 1961, Воронов А. Г. Биогеография. М., 1963.