АВСТРАЛИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВСТРАЛИЯЛЫКТАР ‒ 1) Австралиянын жергиликтүү калкы (аборигендер). Саны 517 200 киши (2006). Австралия калкынын 2,5% тин түзөт. Австралиялыктардын тили 26 топко бөлүнүп, 500 (кээ бир изилдөөлөрдө 200) диалектиде, көп бөлүгү англис тилинде же пиджин инглиш тилинде сүйлөшөт. Австралиялыктардын ата-бабалары 40 миӊдей жыл мурда түштүк-чыгыш Азиядан келгендер. Алар 500гө жакын урууга бириккен. Ар уруунун өзүнчө аймагы болгон. Алардын ичинен белгилүүлөрү: Австралиянын түштүк чыгышында ‒ камиларой, курнай, нарриньер; чыгышында ‒ вакка, каби; борбордук бөлүгүндө ‒ арабан, аранда, варрамунга, диери; түндүк-батышында ‒ кариера, ньоль-ньоль аттуу уруулары мекендешет. Аборигендер 19-кылымга чейин негизинен аӊчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенип, жыгач, сөөк, таш куралдарды колдонушкан. Кээ бир уруулар негизги курал катары бумерангды пайдаланышкан. Австралиялыктар ыйык деп эсептешкен буюмдардын беттерине, өз денелерине сүрөттөрдү тартышып, тотемдик түшүнүктөгү магиялык ырым-жырымдарды жасашкан. Алар европалык колониялаштырууга чейин 300 миӊ адам болсо, түпкү-жергиликтүү элдин резервацияланышы, жугуштуу оорулардын таралышы жана ачкачылыктын негизинде 1966-жылы 40 миӊи гана калган. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин турмуш шарттары жакшырып, элдин саны өстү. 1967-жылы аборигендерге бардык граждандык укуктар берилген. Азыркы мезгилде Австралиялыктардан интеллигенция пайда болуп, элдин 70%и шаарда, шаарчаларда жашашат; 2) улут, Австралиянын негизги калкы, саны 25 903 700 киши (2021). Австралиялыктардын курамын ‒ аборигендер (2,5%), европалыктар (93,5%), азиялыктар (4%) түзөт. Англис тилинин австралия диалектисинде сүйлөшөт. 17-кылымдын башталышында Австралияга Европадан алгач голландиялык моряктар келген. 1768‒71-жылдардагы Ж. Куктун экспедициясынан кийин Австралияга Англиядан, Ирландиядан, Шотландиядан; 1851‒61-жылдары Австралиядан алтын табылгандан кийин Германия, Нидерландия, Грекия, Италия, Кытай, АКШ, Канададан эмигранттар келген. Австралиялыктар 400 миӊден 1200 миӊге чейин өскөн. 1901-жылы 1-январда колониялар Австралия Союзуна биригип, доминион укугуна ээ болушат. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Австралиянын эли 7,4 млнго жакын адамды түзсө, согуштан кийин 5 млн адам көчүп келген. Австралияда азыркы мезгилде 100дөн ашык улут жашап, 75‒100 тилде сүйлөшөт. Калкынын 85%ке жакыны шаарда жашашат. Дини боюнча негизинен христиандар. Кыштактарда жашаган Австралиялыктардын негизги кесиби ‒ кой чарбачылык, вино жасоо, ошондой эле тамеки, кант камышын өстүрүшөт.

Жергиликтүү австралиялыктар майрамдоодо.

Ш. Керимова