АВСТРАЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
АВСТРАЛИЯ46.png

АВСТРАЛИЯ (Australia) – Австралия материгиндеги мамлекет. Материкке жакын жайгашкан Тасмания аралында Австралиянын курамына кирет. Түндүгүн Тимор, Арафура деңиздери жана Торрес кысыгы, чыгышын Коралл жана Тасман деңиздери, түштүгүн Басс кысыгы жана Инди океаны чулгап жатат. Чет жакасындагы Флиндерс, Кинг, Кенгуру ж. б. майда аралдарды, ошондой эле Картье, Эшмор, Рождество, Кокостуу (Киллинг), Херд, Макдональд, Норфолк аралдары да Австралияга карайт. Аянты 7,7 млн км2. Калкы 23,1 млн (2013). Борбору – Канберра шаары. Расмий тили – англис тили.

Акча бирдиги – Австралия доллары.

Мамлекеттик түзүлүшү. Австралия – Улуу Британия шериктештигинин курамына кирген федерациялык мамлекет. 6 штаттан, 2 аймактан (Түндүк жана Федерациялык Борбор) турат. Конституциясы 1900-жылы 9-июлда кабыл алынган, Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Британия монархы, өлкөнү анын өкүлү генерал-губернатор башкарат (аны Австралиянын премьер-министринин сунушу менен монарх 5 жылга дайындайт). Мыйзам чыгаруу бийлигинин Жогорку органы – парламент, ал монархтан жана 2 палатадан – Сенат жана Өкүлдөр палатасынан турат. Сенат (бардыгы 76 депутат; ар бир штаттан 12ден, 1974-жылдан ар бир аймактан 2ден депутат) – пропорциялык өкүлдөр системасы боюнча 6 жылга шайланып, ар бир 3 жылда жарымы жаңыланып турат. Төмөнкү палата (148 депутат) мажоритардык система боюнча (альтернативдүү добуш берүү аркылуу) 3 жылга шайланат. Генерал-губернатор конституциялык органды – Федерациялык аткаруу советин дайындайт. Айрым учурларда генерал-губернатор Өкүлдөр палатасын жана Сенатты таратууга укуктуу. Өкүлдөр палатасынын полномочиесинин бүтөөрүнө 6 ай калганда аларды тарата албайт. Ар бир штатка монарх тарабынан губернатор дайындалат. Бардык штат (Квинслендден башкасы) эки палаталуу (Мыйзам чыгаруу совети жана Мыйзам чыгаруу жыйыны же Жыйын палатасы) легислатурага ээ. Штат өкмөтүн премьер-министр жетектейт. Штаттар – графтыкка, графтык – муниципалитеттерге бөлүнөт. Союздук эки аймакты бир палаталуу легислатура жана өкмөт башкарат.

Тарыхы

Австралиянын жергиликтүү калкынын ата-бабалары Түштүк Азиядан 50 миӊ жылдай илгери эле көчүп келишкен. Климаттын жылый башташы менен деӊиз кысыктары Жаӊы Гвинеяны (20 миӊ жыл мурда) жана Тасманияны (12 миӊ жыл илгери) Австралиядан бөлүп таштаган. Англия колониялаштыра баштаганга чейин (18-кылымдын аягы) болжол менен 250‒300 тилде сүйлөгөн, 300‒500 миӊдей жергиликтүү калк (австралиялыктар) (500‒700 уруулар) жашаган. Алар аӊ уулап, өсүмдүктөрдү, жер-жемиштерди чогултуп күн көрүшкөн. Европалыктардан Австралиянын жээгине алгач 1606-жылы голландиялык капитан В. Янсзон, кийин А. Тасман келген. 1770-жылы Австралиянын жээктерин Ж. Кук изилдеп, бул жерлерди Британиянын ээлиги деп жарыялап, Түштүк Уэльс деп атаган. 1788-жылы англиялык кыштак (азыркы Сидней шаары) пайда болгон. 1868-жылга чейин Улуу Британия Австралияны сүргүнгө айдай турган жер катары пайдаланган. Колониялаштыруу жергиликтүү калкты кырып-жоюу менен кошо жүргүзүлгөн (18-кылымдын аягы ‒ 20-кылымдын ортосуна чейин алардын саны 5‒6 эсеге азайган). Англия Австралияда негизинен кой чарбачылыгын өнүктүргөн. 19-кылымдын 2-жарымында жеӊил, тамак-аш жана тоо-кен иштетүү өнөр жайы бир кыйла өнүккөн. 19-кылымдын орто ченинен тартып алтын кендери табылгандан кийин иммиграция абдан өскөн (1900-жылы өлкөнүн калкы 3756 миӊден ашкан). Узак убакыт күрөш жүргүзүү менен жер которуп келгендер 19-кылымдын 50-жылдарында ич ара өзүн-өзү башкаруу укугун алышкан. 1901-жылы 1-январда Австралиянын түзүлүшү тууралуу салтанаттуу жарыяланган жана колониялар биригип, доминион укугуна жетишкен. Союздун (федерация өкмөтүнүн) жана штаттын укуктары белгиленип, королдук бийликтин өкүлү ‒ генерал-губернаторго коргонуу иштерин уюштуруу жана эл аралык байланыштарды жүргүзүү милдети, ал эми ички иштерде жоопкерчилик толугу менен өкмөткө жана штаттардын парламентине берилген. 1906-жылы Улуу Британия Папуа колониясын Австралия Союзуна өткөрүп берет. 1911-жылы Союзга өз алдынча бирдик катары Түндүк Территория жана Жаӊы Түштүк Уэльстин бир бөлүгү кошулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Австралия Жаӊы Гвинея аралынын түндүк бөлүгүн, Науру аралын башкарууга мандат алат. Экинчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия тарапта болуп, антигитлердик коалициянын курамында Тынч океан, Батыш Европа, Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы согуш аракеттерине (900 миӊдей аскер) жана Вьетнам согушунда АКШ тарабында согушка катышат. Согуштан кийин Австралия АНЗЮС жана СЕАТО сыяктуу эл аралык уюмдардын толук кандуу мүчөсү болуп калган. 1967-жылы аборигендерге бардык граждандык укуктар берилген (1930-жылы аборигендерди резервациялоо иш-чаралары уюштурулган). 1968-жылы Науру Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгон. 1971-жылы Австралия менен Жаңы Зеландия жакынкы коңшуларына жардам берүү үчүн Тынч океандын түштүк форумун – консультациялык саясий-экономикалык уюм түзүшүп, өлкөнүн тышкы саясатында жаңы, аймактык бурулушту белгилешкен. 1972-жылдагы шайлоодо Э. Г. Уитлам жетектеген Австралия либералдык партиясы (ЛПА) жеңип чыгып, социалдык программаларды бир кыйла кеңейткен; Тышкы саясий чөйрөдө Азия-Тынч океан регионунун (АТР) иштеринде Австралия Союзунун (АС) ролу күчөп, КНР менен дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. 1975-жылы Папуа-Жаңы Гвинея (ПЖГ) көз карандысыздыкка жетишкен. 1975-жылы оппозиция лидери М. Фрейзер жеңип, анын өкмөтү жеке бизнести колдоого алып, субсидияларды берип, үнөмдөө режимин киргизген. Социалдык программалар кыскартылган. 1983-жылдагы шайлоодо Р. Хоук башында турган Австралия либералдык партиясы (ЛПА) кайрадан бийликке келген. Анын өкмөтү банк системасын жөнгө салып, ири ишкерлерге жеңилдиктерди берген, салык реформасы жүргүзүлгөн. 1986-жылы Австралия жөнүндө мыйзам кабыл алынып, Австралия Союзунун (АС) мамлекеттик суверенитети бекемделген. Тышкы саясатта АКШ менен болгон мамилелер өнүккөн. Хоук Кувейт кризиси (1990–91) учурунда Кувейтке колдоо көрсөтүү боюнча АКШ өкмөтүнүн чечимин жактырган. Жаңы Зеландия Австралиянын негизги өнөктөштөрүнөн болуп калган. 1985-жылы Австралия Түштүк-Тынч океан аймагында (ЮТР) ядросуз зона түзүү планын колдогон. 1989-жылы Хоук Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык (АТЭС) уюмун түзүү демилгесин көтөргөн. 1990-жылы өкмөт Вануату Республикасында жана Бугенвиль провинциясында (Папуа-Жаңы Гвинея) сепаратисттердин аракеттерин басуу, ошондой эле Намибия, Перс булуңу, Батыш Сахара, Сомали, Босния жана Герцеговина ж. б. мамлекеттердеги БУУнун операцияларына катышып, өз аскерлерин жиберген. Мурдагы социалисттик лагердин өлкөлөрү менен мамилелери жакшырган.1996–2007-жылдары Дж. Говард жетектеген Австралия Улуттук партиясы менен Австралия либералдык коалициясы (ЛПА) бийлик жүргүзүп, рынок экономикасына өтүүнү аяктаган. Ал өзүнүн идеяларынын багытын "экономикалык радикал" жана социалдык консерватор атаган программасында аныктаган: экономикалык саясатты кескин өзгөртүү жана австралиялык коомдун салттуу баалуулуктарын максималдуу сактоо. АКШ Австралиянын негизги экономикалык жана аскердик союздашы болгон. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу теракттан кийин эл аралык терроризмге каршы өнөктүккө кошулуп, Австралия Союзу (АС) АКШнын Афганистандагы жана Ирактагы аскерий аракеттерин колдогон. 2004-жылы АКШ менен эркин соода келишимине кол коюлган. Австралиянын маанилүү экономикалык шериктештери: Япония, Корея Республикасы, Тайвань жана КНР. Австралиянын тарыхында биринчи аял премьер-министр Жулия Гиллард (2010–13) башкарган. 2013-жылы бийлик Э. Дж. Абботт баштаган коалициялык партияларга (ЛПА жана НПА) өткөн. Алар Австралиянын түндүк чек араларындагы мыйзамсыз качкындардын агымын токтотуу, тоо-кен корпорацияларына салынган салыктарды алып салуу, бюджеттин тең салмактуулугун сактоо ж. б. программаларды ишке ашырууга аракеттенишкен. Австралия армиясынын Ирак менен Сириядагы ИГИЛге (эл аралык террористтик уюм) каршы согуштук аракеттерге катышуусу Австралия аймагындагы ислам радикалдарынын террордук чабуулдарына айланган.

Экономикасы

Австралия ‒ жогорку деӊгээлде өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүӊ продукциянын (ИДП) көлөмү 819 миллиард доллар (2009, АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 38,5 миӊ доллардан туура келет. ИДПнын 71,3%ин тейлөө чөйрөсү (финансы, соода, транспорт, байланыш, курулуш, саламаттыкты сактоо ж. б.), 24,9%ин өнөр жай, 3,8%ин айыл чарбасы түзөт. Байланыш сектору тез темп менен өсүүдө. Экономикасы чет өлкөлүк (АКШ, Улуу Британия, Япония) инвестицияга көз каранды. Эмгектин эл аралык бөлүнүшүндө минералдык сырьёну жана айыл чарба азыктарын өндүрүү үлүшү тийген. Бул эки тармак экспорттун көп бөлүгүн түзөт. Ири корпорациялары: «Телстра» (телекоммуникация), «Броккен-Хилл пропрайетери компани» (энергетика), «Кока-Кола ‒ Аматил» (суусундук), «Рио-Тинто» (түстүү металлургия) ж. б. Ар түрдүү кендери көп. Негизги энергиялык отуну ‒ таш көмүр жана күрөӊ көмүр. Отун казып алуу боюнча индустриалык жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда. Нефть жана газ казып алуу өнүгүүдө. Нефть Квинсленд (Муни), Баррау аралдарында (Батыш Австралия штатында), Басс кысыгынын тайыз жерлеринде (Виктория штаты), газ ‒ Квинсленд, Түштүк Австралия, Батыш Австралия, Виктория штаттарында жана Түндүк аймагында өндүрүлөт. Темир, боксит, титандуу минералдар (ильменит, рутил), висмут кендерин казып алуу боюнча 1-орунда, коргошун казып алуу боюнча 2-орунда (АКШдан кийин) турат. Дүйнөдөгү уран рудасынын запасынын 24%и Австралияда. Олимпик-Дам жана Рейнджер кендери иштетилүүдө. Боксит, чопо, алюминий казып алуу боюнча дүйнөдө 5-орун, цинк боюнча 2-орун, никель боюнча 3-орунда (Россия, Канададан кийин) туруп, никелден платина менен палладий алынат. Жер астынан казып алуу ыкмасы менен алтын, күмүш (6-орунда), асыл таштар (опал, сапфир ж. б.) казып алынат. Дүйнөдөгү казып алынган алмаздын (5-орунда) 30%и Австралияга туура келет. 2007-жылы 239,9 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Кара жана түстүү металлургия (рафинацияланган цинк, жез, алюминий), нефть ажыратуу, химиялык,

Австралиянын чыгыш жээги.

(күкүрт кислотасын өндүрүү, суперфосфат, жасалма каучук, пластмасса), машина куруу (автомобиль жана локомотив, станок куруу, электр-техника, радиоэлектроника), металл иштетүү, тамак-аш (эт, ун, сүт консервалары, май ж. б.), полиграфия өнөр жайлары өнүккөн. Өлкө айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү жана сыртка чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Ири жер ээлөөчүлүк өнүккөн. Өлкөнүн жер фондунун 59%и айыл чарбасында пайдаланылат. Аймагынын 5%и айдоо аянты, 5%и жайыт жана чабынды. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизги үлүшү мал чарбасына туура келет. Койдун саны (2002-жылы 106 млн) жана жүн кыркуу боюнча (дүйнөдөгү өндүрүлгөн жүндүн 30%и) дүйнөдө 1-орунда. Буудай, бал камыш, пахта, шалы, тамеки, жүгөрү, ак жүгөрү (сорго), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк жана жемиш өстүрүү өнүккөн. Балык (136 миӊ т, 2001), рак (55 миӊ т), моллюска (38 миӊ т) кармалат. Ички жүктөрү негизинен темир жол менен ташылат; ошондой эле автомобиль (28%), деӊиз транспорттору да өнүккөн. Темир жолунун узундугу 37,9 миӊ км (автомобиль жолунуку 813,0 миӊ км). Ири улуттук жана эл аралык аэропорттору (Конгсфорд – Смит) бар. Нефть куурунун узундугу 2,5 миӊ км, газ куурунуку ‒ 5,6 миӊ км. Австралияда 70ке жакын деӊиз порту иштейт. Ирилери: Сидней, Порт-Хедленд, Фримантл, Мельбурн, Ньюкасл, Брисбен. Деӊиз-соода флотунун тоннажы 2324 миӊ т детвейт (1764 рег бр.-т). Сыртка айыл чарба продуктуларын (жүн, буудай, эт, май, сыр), минералдык сырьёлорду (түстүү металл, таш көмүр, темир, боксит) чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, Япония, Кытай.

Маданияты

Австралияда билим берүү системасы 19-кылымда Британия модели боюнча калыптанган. Өлкөнүн азыркы билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, 12 жылдык жалпы билим берүүчү мектептерди (милдеттүү 10 жылдык жана 2 жылдык толук орто мектепти), кесиптик

Акча бирдиги ‒ австралия доллары.

жана ЖОЖду камтыйт. Аларга (мамлекеттик, жеке) штаттардын билим берүү министрлиги жетекчилик кылып көзөмөлдөйт. Учурда Австралияда 41 университет (анын ичинен 3 жеке), Австралия ИА, Гуманитариялык академия, Технологиялык илимдер жана инженерия академиясы, Түштүк Уэльстин тарых илимдеринин королдук коому, көптөгөн колледждер ж. б. илимий мекемелер бар. Өлкөдө негизинен Мельбурндан чыгуучу «Острейлиан» («Еhe Australian») жана «Сидней морнинг геральд» («Еhe Sidneу Mоrning Herald») гезиттери белгилүү. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу иштерин «Острейлиан бродкастинг корпорейшен» («Australian Иroadcasting Corporation») корпорациясы жана коммерциялык компаниялар тейлейт. «Жетинчи канал» (Сhannel 7), «Тогузунчу канал» (Сhannel 9) жана «Онунчу канал» (Сhannel 10) деген ири коммерциялык телестанциялары, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарын тейлеген коммерциялык радиостанциялар бар. Австралиянын адабияты 19-кылымдан англис тилинде өнүгө баштаган. Колониялык доордо (19-кылымдын аягына чейин) Улуу Британиянын адабий салтта

Коредеги аборигендердин сүрөттөрү. Аборигендер дин аскадагы живописи.

рынын таасиринде болгон. Алгач ирет Б. Филддин ыр жыйнагы 1819-жылы, эӊ ири алгачкы прозалык чыгарма Г. Сейверинин «Квинтус Сервинтон» романы 1830‒31-жылдары жарык көргөн. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында гана австралиялык жазуучулардын чыгармаларында улуттук өзгөчөлүктөр пайда боло баштаган. Мисалы, Г. Лоусондун ыр жана аӊгемелер жыйнагы, С. Радда менен П. Уорунгдун новеллалары, Э. Б. Патерсондун балладасы ж. б. 1917‒29-жылдары Г. Х. Ричардсондун «Ричард Маэнинин тагдыры» аттуу алгачкы роман-эпопеясы жарык көргөн. Жазуучулар К. С. Причард, А. Маршалл, В. Палмер, Д. Кьюзектин чыгармалары дүйнөгө белгилүү боло баштаган. 20-кылымдын акырында драматург Д. Уильямсон, жазуучулар К. Маккалоу, Р. Уолес Крэб, Д. Малуф, акын Л. Ларринин, аборигендердин арасынан чыккан акын-жазуучулардын, анын ичинде акындар К. Уокер, Л. Фогорти, драматургдар Ж. Дейвис, Р. Меррит, С. Морган ж. б. Австралиянын адабиятын байытууда ролу зор. Абориген-жазуучулар көркөм чыгармаларда өз элинин турмушун чагылдырууда классикалык

Дарактын кабыгына түшүрүлгөн кенгурунун сүрөтү менен ырым-жырымдар ды аткаруу учуру.

реализмди гана өздөштүрбөстөн, ошондой эле магиялык реализмдин стилистикасын колдонуп, элдик мифологияны пайдаланууда. Учурда австралиялык абориген жазуучуларынын ичинен А. Уэллер («Алтын булуттардын өлкөсү» философиялык антиутопиялык чыгарманын автору) кеӊири белгилүү. Австралиялыктардын көркөм өнөр башаты жергиликтүү австралиялык-аборигендердин үӊкүрлөрдүн бетине, калкан, бумеранг ж. б. магиялык мүнөздө тартылган сүрөттөрдөн башталат. 18-кылымдын аягынан европалыктардын келиши менен шаарлар көбөйүп, англиялык неоклассикалык, неоготикалык түрдөгү таштан курулган имараттар пайда болгон. Сүрөт искусствосунун башталышы 18‒19-кылымдардагы К. Мартенстин, С. Т. Гиллдин чыгармалары менен мүнөздөлөт. Кийин улуттук колорит менен коштолгон живопистик чыгармалар жарала баштаган (алардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ч. Кондер, Т. Робертс, Ф. Маккаббин ж. б.). 21-кылымдын башында Азиядан келген эммигранттардын таасири менен чыгыш маданиятына таандык белгилер байкалат. Австралиянын элдеринин музыкасы жергиликтүү калктын, англавстралиялыктар, европалык жана азиялык келгиндердин салттуу музыкалык маданияты менен мүнөздөлөт.

Сиднейдеги опера театры. 1959‒66. Арх. Й. Утзон.

Аборигендердин маданиятында музыка ырым-жырымдардын бир бөлүгү катары болгон. Түндүк Австралияда аборигендердин музыкасы Жаӊы Гвинеянын, 14‒15-кылымдарда азиялык келгиндердин (Малайя архипелагы ж. б.) таасири менен өнүксө, 18-кылымдын аяк ченинде европалык мүнөздөгү маданият калыптана баштаган. 1833-жылы Сидней филармониялык коому, кийинчерээк алгачкы музыкалык окуу жайлары, жеке опералык компаниялар, 1906-жылы симфониялык оркестр түзүлгөн. 1847-жылы Сиднейде биринчи жолу А. Натандын «Дон Джон Австрийский» аттуу операсы коюлган. 1935-жылы Композиторлор гильдиясы, 1951-жылы Сиднейде улуттук опералык компания түзүлгөн. Ошол учурда композиторлор: А. Хилл, П. Грейнджер, К. Дуглас, Н. Мил, Л. Сицки, аткаруучулардын ичинен ырчы Ж. Сазерленд кеӊири белгилүү болгон. Учурда өлкөдө «Сидней-Опера-Хаус» музыкалык-театр комплекси (опера жана балет театры менен бирге), Мельбурндагы мамлекеттик театр (1985), Аделаидадагы мамлекеттик операсы (1974), музыкалык борбор, консерваториялар ж. б. бар. Театрда алгачкы оюн көрсөтүүлөр келгиндердин демилгеси менен 1780-жылдар ченде эле башталган. 1830‒40-жылдары Сидней, Хобарт, Мельбурнда театрлар ачылган. Аларда өздүк көркөм чыгармачыл жамааттар эмгектенип, негизинен австралиялык авторлордун, ошондой эле европалык жана америкалык классикалык чыгармаларды театрлаштырышкан. 1954-жылы Елизавета мамлекеттик театр трести уюшулуп, ал негизинен профессионалдык театрды өнүктүрүүнү көздөгөн. Улуттук драматургиянын өнүгүшүнө Р. Лоулер, П. Уайт, Д. Уильямсон ж. б. омоктуу салым кошкон. 1960-жылдан аборигендердин театры бир топ өнүгө баштаган, 1987-жылы 1-жолу абориген-драматургдардын улуттук конференциясы өткөрүлүп, анда аборигендердин улуттук театр фонду түзүлгөн. Кино өндүрүшү Австралияда 1900-жылдан башталат. 1906‒14-жылдары 90го жакын кино тартылса, кийин ал кескин кыскарып, кинодогу бул кризис 1960-жылга чейин созулган. Мындай узакка созулган кризистин башкы себеби америкалык жана англиялык прокат компаниялары тарабынан дүйнөлүк кинорыногун басып алышы болгон. 1970‒80-жылдары мамлекеттин колдоо көрсөтүүсү жана Австралия кинематографисттик комиссиянын түзүлүшү менен киноискусствосунда бир топ ийгиликтер башталган. Ошол мезгилде Д. Кромбинин «Кадди» (1976), Ф. Шепизинин «Жимми Блэксмиттин ыры» (1977), П. Феймандын «Крокодил аталган Данди» (1986) ж. б. көркөм фильмдер дүйнөгө белгилүү болгон. Америкалык компаниялар Голливудга Австралиянын көрүнүктүү кинематографисттерин (анын ичинде Б. Браун, М. Гибсон, Д. Дэвис, Н. Кидман, Э. Морс, Ж. Раш) ишке тартып, чакыртышкан. Австралиянын Жаӊы Зеландия жана Франция менен биргелешип тартышкан «Пианино» (1993, реж. Ж. Кэмпион) фильми 3 ирет «Оскар» сыйлыгына татыктуу болуп, акыркы он жылдыктын киношедеври катары таанылган. Жыл сайын Австралияда 10‒15ке жакын кино тартылып турат. Адистер негизинен Австралия кино жана телекөрсөтүү мектеби тарабынан даярдалат.

Ад.: Страны и народы. М., 1981. Т.: Австралия и Океания. Антарктида; Воляновский Л. Материк, переставший быть легендой. М., 1990; Антонова И. Ф. Экономическая география Австралии. М., 1996; Социально-экономическая география зарубежного мира: 2-е изд. / Под ред. В. В. Вольского, М., 2003; Максаковский В. П. Географическая картина мира. М., 2004. ч.2.

Ө. Бараталиев, А. Кубатова, А. Орозов, Ш. Керимова.