АВОГАДРО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВОГАДРО Амедео (9.8.1776, Турин – 9.7.1856, ошол эле жерде) – италиялык физик жана химик. Алгач юридикалык билим алып, кийин физика, математика илимдерин окуган. Турин ИАнын корреспондент мүчөсү (1804), академик (1819), физика-математика бөлүмүнүн директору. 1806–19-жылдары Турин университетинин лицейинде физика мугалими, 1820–22- жана 1834–50-жылдарда профессор. Эмгектери физика жана химиянын ар кандай бөлүмдөрүнө (электр, электр-химия, теория, салыштырма жылуулук сыйымдуулук, капиллярдуулук ж. б.) арналган. 1811-жылы заттардын түзүлүшү жөнүндөгү молекулалык божомолду, атом жана молекулалык массаны аныктоо ыкмасын сунуш кылып, газ закондорунун бирин ачкан (Авогадро закону), 1 моль идеалдык газдын молекулалык саны, универсалдуу турактуулук Авогадронун аты менен аталган (Авогадро саны). Авогадро 4 томдук физикалык-химиянын элементтерин камтыган молекулалык физика китебинин автору.

Аврелий Марктын колодон жасалган атчан статуясы.