АВЛЕТИМ ЧОКУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВЛЕТИМ ЧОКУСУ – Чаткал кырка тоосунун эң бийик жери. Авлетим суусунун башатынан орун алган. Бийиктиги 4503 м. Чоку негизинен жылаңач, түндүк капталында гана чакан мөңгү жатат. Too этектеринде неогендин жана антропогендин чөкмөлөрү топтолгон.