АВИАЦИЯ ОТУНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВИАЦИЯ ОТУНУ – учуучу аппараттын кыймылдаткычынын күйүү камерасына жылуулук энергиясын алуу максатында аба менен кошо киргизиле турган күйүүчү зат. Ал авиация б е н з и н и [бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч үчүн ] жана реактивдүү отун (газ-турбиналуу кыймылдаткыч үчүн) болуп бөлүнөт. Нефтиден алынат, мисалы, авиация бензини – бышкектүү авиациялык кыймылдаткыч үчүн ылайыкталган октандык саны жогору бензин. Реактивдүү отун авиакеросиндин негизинде иштелип чыгат. Авиация отуну катары синтездик, криогендик ж. б. отундун түрлөрүн колдонуу боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. СССРде 1987-88-жылдарда суюк бутан менен Ми-8Т вертолётуна, ал эми 1988-90-жылдарда суюк суутек жана метан менен Ту-155 самолётуна сыноолор жүргүзүлгөн. Авиация отуну металл жана металл эмес материалдарды дат бастырбай, курамында механикалык кошулмалар, суу болбошу керек. Авиация отуну таза күйүп жана бийиктиктеги төмөнкү температурада коюуланбашы үчүн анын тоңуу чекити абдан төмөн болот.