АВИАНОСЕЦ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВИАНОСЕЦ – авиация жүктөп жүрүүчү согуш кемеси; жогорку манёврдүү сүзүп жүрүүчү авиациялык чоң база. Авианосецтин душманга каршы негизги куралы – палубадагы авиация (самолёттор жана вертолёттор), ал ядролук жана жөнөкөй дүрмөттүү ракета, бомба жана торпедалар менен куралданган. Авианосецти мина жүктөгөн крейсерлер, фрегаттар, десанттык, башкаруучу кемелер, согуш кемелери ж. б. жардам көрсөтүүчү кемелер коштоп жүрөт. Учуучу аппараттарды жүктөгөн Авианосецтердин палубасы атайын самолёттун учуп-конуусуна ылайыкташкан. Биринчи учма аппараттарды жүктөгөн кемелер 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында француз жана орус флотторунда колдонулган. 1-дүйнөлүк согушта гидросамолётторду (сууда да сүзө турган) жүктөгөн ангарлуу кемелердин бортуна сууга түшүрүп-көтөрмө курулмалар (гидроавиотранспорт) орнотулган. Кемеге 12 самолёт жүктөгөн. Россияда 1915-жылы авиация жүктөгөн транспорт-кемелер үчүн 4 пароход жана “Алмаз” крейсери жабдылган. 1918-жылы биринчи жолу англиялык жүк жана жүргүнчү ташыган “Аргус” кемеси самолёттун учуп-конушуна ылайыкташып жабдылган. 1-дүйнөлүк согуштан кийин Улуу Британия, Франция, АКШ жана Японияда курулуп бүтө элек линкорлор менен крейсерлерди атайын долбоор боюнча самолёттун учуп-конуусуна ылайыктап кура баштаган. 2-дүйнөлүк согуштун алдында англиялык, франциялык, америкалык жана япониялык флоттордо бардыгы 19 авионосец болсо, согуштун жүрүшүндө алардын саны 169ка жеткен. Авианосецтер колдонулушуна жараша суу үстүндөгү согуш кемелери менен суу астындагы кайыктарды талкалоочу жөнөкөй Авианосец жана атомдук Авианосец болуп бөлүнөт. Сокку уруучу Авианосецтер душмандын кургактагы аскер объектилерин, деңиз базаларындагы кораблдер менен кемелерин алыстан атып талкалап, жок кылуу, деңиздик десант аскерлерин түшүрүүнү камсыз кылып, океан, деңиздердеги аскер коммуникацияларын коргоого алат. Авианосецтер салмагы (сууга сыйымдуулугу) жана колдонулушу боюнча оор (60–100 самолёт жүктөгөн америкалык “Иорктаун”, “Эссекс”, япондук “Сорю”, “Сёкаку”; англиялык –“Имплэкебл”) жана флотту аба чабуулунан жана сууга коюлган миналарда коргоочу–жеңил (25–50 самолёт жүктөгөн; америкалык “Индепенденс”, япондук “Сёхо”, англиялык “Колосус”) Авианосецтерге бөлүнөт. 1941–45-ж. Тынч океанда болгон согуш компанияларында Авианосецтер флоттун негизги сокку уруучу күчү болгон. 1950-жылдан Авианосецтерге ядролук курал жүктөгөн самолёттор кондурула баштаган. 1961-жылы АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүндө (АДК) биринчи жолу атомдук Авианосец “Энтерпрайз”, 1975-ж. “Честер У. Нимиц”, ал эми кийин 1998 жылы 8 атомдук Авианосец кошулган. 21-к-дын башында дүйнөнүн 9 өлкөсүнүн АДКта Авиносецтер бар, анын көпчүлүгү АКШда, ал анын согуштук-саясий кызыкчылыктары үчүн бүткүл дүйнө боюнча колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда Улуу Британия, Италия жана Франциянын аскер деңиз күчтөрүнүн вертолётоносецтери бар, алар суу астындагы миналарды жок кылууга багытталган. Вертолёносецтердин суудагы салмагы 15 миң т га чейин, алар бортуна 20–32 вертолёт жүктөй алат. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн курамында десант аскерлерин жүктөгөн вертолётоносецтеринин (универсалдуу десант кораблдери) салмагы 40,5 миң тга чейин, ал тик уча турган 42 вертолёт, 10дой самолёт алып жүрө алат, анда курал-жарак жана тийиштүү аскер техникалары менен жабдылган 1800 адам кызмат кылат. РФ Аскер-деңиз күчтөрүнүн катарына 1970-жылы орто салмактагы “Киев”, “Новороссийск” ж. б. Авианосецтер кошулган. Ошондой эле Россия аскер-деңиз күчтөрүнүн эң чоң Авианосецти –ТАКР “Советтер Союзунун флот адмиралы Кузнецов”, анын салмагы 10 миң тоннага чейин.

Ж. Арзыкулов