АВЕРШИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВЕРШИН Степан Гаврилович (30. 10. 1901, Курск облусу, Беловск району, Крупец кыштагы, - 9. 10. 1972, Москва) - тоо-кен иштери боюнча илимпоз.

АВЕРШИН71.png

Техника илимдеринин доктору (1946), профессор (1946), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961), Россиянын илим жана техникага эмгек сиңирген ишмери (1961). Авершин 1931-жылы Ленинград тоо-кен институтун бүтүрүп, Ленинграддагы Бүткүл союздук марк-шейдердик илим-изилдөө институтунда иштеген. 1965-жылы Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти болуп шайланган. Авершиндин эмгектери негизинен тоо-кен иштеринде көмүр жана кен казмаларында тектердин механикасын, басымын жана алардын жылышууларын изилдөөгө багытталган. Илимдин бул тармактары боюнча 100гө жакын илимий эмгеги бар. Авершин СССР мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (1968, 1971). Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Эмг.: Сдвижение горных пород при подземных разработках. М., 1947; Горные удары. М., 1956; Поддержание горных выработок на шахтах Киргизии (Зотов С. В., Ялымов Б. Г. менен авторлош). Ф., 1968.