АВГУСТ Октавиан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВГУСТ Октавиан (б. з. ч. 23. 9. 63, Рим Республикасы, Рим – б. з. 19. 8. 14, Рим империясы, Нола) – Рим императору (б. з. ч. 27-ж.). Байыркы Римдин саясий ишмери, Рим империясынын негиздөөчүсү. Б. з. ч. 44-ж. Гай Юлий Цезарь асырап алып, өзүнүн мураскору деп жарыялаган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Октавиан анын аскерлерине таянып, императордун тактысы үчүн күрөш жүргүзгөн. Алгач Антоний жана Лепид менен бирдикте (2-триумвират), республикачыл сенаттын жол башчылары Брут менен Кассийдин (Цезарды өлтүргөндөрдүн) аскерлерин талкалайт. Б. з. ч. 36-ж. Помпейдин аскерлерин жеңип, Лепидди бийликтен ажыратат. Б. з. ч. 31-ж. Египетке каршы согуш жарыялап, анын натыйжасында өзүнүн негизги душманы Антоний менен Египет ханышасы Клеопатранын аскерлерин талкалайт. Ушундан кийин А. Рим мамлекетинин диктаторуна айланат. Рим сенаты Октавианга «Август» («Ыйык адам») деген титул ыйгарып, «Мекен атасы» деп аташкан. Өлгөндөн кийин А. Кудай деп жарыяланып, ал каза болгон ай анын урматына август айы аталып калган. Август маанилүү саясий-административдик реформаларды жүргүзгөн. Мамлекетти башкарууда жаңы саясий режим — принципат орнотулган. Анын тушунда Рим империясынын курамына Испания толук каратылып, Египет, Мезия, Паннония, Германия провинциялары түзүлгөн. Курулуш иштери кеңири кулач жайып («Римди мраморго бөлөдү»), маданият, адабият өнүккөн.