АВАСОВ Бактыбек Артисбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АВАСОВ Бактыбек Артисбекович (1978-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) – медицина илимдеринин доктору (2016). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (2001). Эмгек жолун КММИде клиникалык ординатор болуп башатаган. Ошол жерде аспирант, ассистент, кафедрада доцент болуп иштеген. Анын 46 илимий эмгектери, анын ичинен 2 монография, 1 ойлоп табуунун патенти, 3 окуу-методикалык окуу куралы жарык көргөн.

Эмг.: Особенности диагностики и хирургической тактики при гемангиомах печени // Вестник КРСУ.–Б., 2013. –Т.13. № 6 .–120-121. Способ резекции паразитарных кист печени// Патент №1602 КР. 2013. (в соавт.).