АВАРИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АВАРИЯ (итал. avaria, ар. авар - зыянга учуроо, кыйроо) – ар кандай себептин натыйжасында машина, учуучу аппарат, станок, техникалык каражаттардын күтүүсүздөн зыянга учуроосу, бу-
зулушу. Экологияда авария түшүнүгү чоң мааниге ээ. Ар кандай таасирлердин натыйжасында кандайдыр бир аймактын экологиялык стандартка жооп бербей жарактан чыгып калышы да авария болуп саналат. Мисалы, Чернобыль АЭСиндеги авария (1986-ж. апрель). Радиациялык булгануудан бул аймак (160 миң км2) көп жылдарга колдонуудан чыгып калган. Ошондой эле 1998-жылы май айындагы Барскон суусундагы авариядан да жергиликтүү калкка жана аймакка бир топ залака тийген, к. Барскон кырсыгы.