АВАЗ МУХАММАД
АВАЗ МУХАММАД СУФИ АТТАР-И ХУКАНДИ (18-кылымдын аягы – 19-кылымдын 70-жылдары) – Кокон хандыгынын тарыхчысы, «Тарих-и жаханнама-йи» (кыргызча мааниси «Ааламды көрсөтүүчү тарых»), айрым учурда «Тухфат ат-таварихи хани» («Хандарга белек кылынган тарых») деп аталган эмгектин автору. Бул эмгектин биринчи бөлүмү мифологиялык Адам атанын жаралуу тарыхынан башталат. Экинчи бөлүгү негизинен Орто Азия, анын ичинен Фергана аймагынын XVII кылымдан – XIX кылымдын 70-жылдарына чейинки тарыхын камтыйт. Аваз Мухаммаддын бул эмгегиндеги Кокон хандыгы, ал хандыкты бийлеген хандар, алардын өмүрү тууралуу маалыматтар Орто Азиянын тарыхын изилдөөдө баалуу булактардын бири болуп саналат. Артыкча өзү жолугуп, өз көзү менен көргөн Мадали хан (1822–1842), Шералы хан (1842–1844/45), Мала хан (1858–62), Султан Сайид хан (1863–1866), Кудаяр хан (1844–58; 1862–63; 1866–75) ж.б., ошондой эле Алымкул 1832/1833–1865) аталык жана өзү күбө болгон орус аскеринин Олуя-Ата, Чымкент (1864), Ташкент (1865) шаарларына жасаган чабуулу жөнүндө кызыктуу кабарлар кезигет. Учурунда В. П. Наливкин өзүнүн орус тилинде жарыяланган белгилүү «Кокон хандыгынын кыскача тарыхы» (Краткая история Кокандского ханства, Казань, 1886) деген тарыхый эмгегинде Аваз Мухаммаддын аталган эмгегин кеңири пайдаланган. Бирок В. П. Наливкин кандайдыр бир себептер менен аталган эмгекти «Джаан-нама», ал эми анын авторун «Аттардын уулу молдо Аваз Мата» деп атайт. Кийинчерээк аталган эмгекти белгилүү кыргыз тарыхчылары В. Плоских, А. Мокеев, Д. Сапаралиев, ошондой эле өзбек (Ш. Вахидов, Б. Бабажанов, Р. Набиев), казак (Т. Бейсембиев) ж.б.сыяктуу окумуштуу-илимпоздор изилдеп, тактап чыгышкан. 2004-жылы Бишкек шаарынын тургуну, Шабдан баатырдын урпактарынын бири, эл агартуунун ардагери А. Кызаев ата-бабаларынан бери сакталып келе жаткан чепкендин (халат) этек-жеңдерине саймаланып жазылган сөздөрдү окумуштууларга окуткан. Жыйынтыгында ал сөздөрдү саймалап жазган жазуунун автору Аваз Мухаммад болуп чыккан жана ал чепкенди 1826/27-жылы Мадали ханга белек кылып, анын бетине бир нече мактоо сөздөрүн арнаганы такталган.
Ад.: Наливкин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Набиев Р.Н. Из истории Кокандского ханства (феодальное хозяйство Худояр хана). Таш., 1973; Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Фр., 1977; Бейсембиев Т. К. Неизвестный источник по истории Кокандского ханства в ХIХ в. (анонимная биография Алимкула амир-и лашкара) //Бартольдские чтения 1987 г. Тезисы докладов и сообщений. М., 1987; Вахидов Ш. Аваз Мухаммад Аттор Хуканди. Тарихи жахоннамойи //Шарк юлдузи. № 8. 1991; Бабаджанов, Б. М. Кокандское ханство: власть, политика, религия. Таш., Токио. 2010.