АБЫЛОВ Мамбетжунус

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБЫЛОВ Мамбетжунус (1. 3. 1954-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Жазы-Кечүү айылы) – генерал-майор. КРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси (2005). Экономика илимдеринин кандидаты. ФПИни (1979), С. Орджоникидзе атындагы . Москва башкаруу институтунун аспирантурасын (1983) бүткөн. 1979–81-жылдары «Нарынгидроэнергокурулуш» курулуш башкармалыгында (Кара-Көл шаары) мастер, прораб, улук прораб, курулуш участогунун начальниги, 1981–83-жылдары ФПИде окутуучу, 1983–86-жылдары КР Мамлекеттик агропромдо «Чүй айыл курулуш» трестинин башчысынын орун басары, «Таласагропром курулуш» бирикмесинин начальнигинин орун басары, 1986–91-жылдары «Ысык-Көл курулуш» трестинин башкаруучусу, КРдин Мамлекеттик курулушунун экономика Башкы башкармалыгынын башчысы, КРдин Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын төрагасынын 1-орун басары, 1991–95-жылдары «Кыргызкурулуш» мамлекеттик концернинин төрагасы, «Кыргызкурулуш» АКнын коомунун президенти, 1995–96-жылдары КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, 1996–98-жылдары КРдин Өзгөчө кырдаалдар министри, 1998–2003-жылдары КРдин Малайзиядагы, 2005–09-жылдары Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген. КРдин Инженердик академиясынын академиги. Эл аралык инженердик академиянын мүчө-корреспонденти (Москва).