АБЫЛАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБЫЛАЙ, Аблай, Абулай (1711–1780, сөөгү Түркстан шаарындагы Кожо Ахмед Йасауи мавзолейине коюлган) – султан, хан (1771-жылдан), казак элинин саясий жана мамлекеттик ишмери. Айрым оозеки фольклор жана көчүрүлмө жазма маалыматтарда (Шаакерим Кудайберди уулу) Сабалак (Самсаалак), Абилмансур деген ысымдар менен да аталат. Бирок акыркы мезгилдеги казактын илимпоз окумуштуулары (мисалы, Абсадык А., Абылсейит М.) анын Абилмансур болбогонун такташууда. Орус маалыматтарында султан катары Абылай 1738-жылдан тарта кезигет. Анын биринде Орто жүзгө караштуу аргындардын ичиндеги атыгай уруусун бийлеп турганы айтылат. 1740-ж. 28-февралда Орто жүздүн ханы (1734–1771) Абылмамбет менен бирге Орск чебинде Россиянын букаралыгын кабыл алууга ант берген. 1741-ж. жазында Септен нойон жетектеген жуңгарлардын 30-35 миң колу Ишим, Тобол жана Ыргыз сууларынын айланасында казактарды төрт жолу катуу чапкан. 1742-ж. Орто жана Кичүү жүзгө караштуу уруулардын бийлери чогулуп, калмактар менен тынч турууну чечип, ал салык төлөп турууга макул болушкан. Жуңгарлардын ханы (1727–1745) Галдан Церен ал үчүн казактардын беделдүү журт башчыларын аманатка берүүнү талап кылган. Натыйжада, Абулмамбет-хан, султандар Барак менен Батыр анын талабын аткарууга аргасыз болуп, бала-бакыра, жек-жааттарынан 200 кишини белгилүү бир мөөнөткө аманат катары беришкен. Алардын бири Абылай болгон. Ал 1743-ж. жазга чейин Галдан Церендин өз үйүндө жүргөн. Аманатта жүргөн Абылай кат таанып, калмак жана кытай тилдеринде баарлашууга үйрөнгөн. Орус өкмөтүнүн букарасы катары аларды куткаруу үчүн 1742-ж. 3-сентябрда Орск чебинен секунд-майор К. Миллер башындагы орус элчилиги аттанып, бирок Галдан Церенге жолуга албай, орто жолдон кайтып кеткен. Мөөнөтү аяктаганда Галдан Церен сый менен узаткан. 18-кылымдын 50–60-жылдарында Орто жүздү негизинен Абулмамбет хан бийлеп, жалпы маселелерди чечкен, ал эми ар урууларды өзүлөрү шайлаган султандар башкарган. Абылай султан 1751–52-жылдары калмактардын ич ара жаңжалдарына кийлигишип, так талашууда 1753–1755-жылдары хан болгон Дабачыга (Даваци) көмөк көрсөткөн. 1755-жылы жай айында келген цин элчилери императордун атынан Жуңгар эми хандыгы түбөлүк жоюлганын, анын ээлиги мындан ары «Улуу империянын карамагына толук өткөнүн» билдирип, чек арадагы тартипти сактап, тынч турууну эскерткен. Бирок Абылай тымызын Цин империясына каршы көтөрүлүш уюштурган Амирсананы (Амурсана) колдоп, айылында жашырып жүргөн. 1757-ж. император Цяньлун (1735–1796) кол башчы (дачэнь) Фуде жетектеген атайын аскерин аттандырат. Нор-Ишим деген жердеги салгылашууда Абылайдын колу жеңилип, натыйжада ал Пекинге элчилерин жиберип, Цин императорунун бийлигин кабыл алганын билдирген. Ошол эле жылы келген цин элчилери көп белек тартуулап, Амирсананы кармап берүүнү талап кылган. Абылай аны токтоосуз аткарууга куру убада берип кайтарган. 1757-ж. 15-июлда Айдыңсу деген жерде Фуде жетектеген цин аскери менен беттешкен казактардын колу жеңилип, Абылай жиберген султан Абылпейиз «кол салуу жаңылыштыктан  болгонун» түшүндүргөн. Ошол эле жылы сентябрь айында Пекинге келген казак элчилери Абылай «императордун бийлигин кабылдагандыктан аны атайы грамота менен казактын ханы деп бекитүүнү» талап кылып, ошондой эле чектеш жерлерден жайыт жана империянын ичинде соода жүргүзүүгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн. Башка өтүнүчтөрүнө каршы болбогон император Абылайды хандыкка бекитүү талабына «балким хан атагын өзүңө өзүң ыйгарып алып, кайра бизге бекиттирген жаткандырсың, биз сага хан деген наам берген күндө андан артык болбостугун» эскертип, грамота берүүдөн баш тарткан. 1755–1760-жылдары Амирсана, жайыт, саясий абал жана чек ара маселеси боюнча Цин императору менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Орто жүзгө караштуу айрым уруулардын Тарбагатай тараптан конуш алышына уруксат алган. 1757-ж. Цин империясынын жуңгарларга карата жасаган саясатына байланыштуу Орто жана Кичүү жүздүн султандарынын тамырын тартуу максатында орус өкмөтү аларды Оренбург шаарына чакырган. Абылай андан баш тарткан, бирок кийинки жылы сый акы алып турууга макулудугун билдирип, кат жазган. Орус бийлиги 1759-жылдан баштап ага жылына 300 сом акча, анын үстүнө тымызын дагы 100 сом кошуп берип турууну чечкен. 1762-ж. Абылай султан үчүн атайын 6 миң сом бөлүнүп, Кызыл-Жар (Петропавловск) чебинен 300 чакырым жердеги Көкчө-Тоого үй куруп берүү каралган. 1762-ж. Абылай султан Кичүү жүздүн ханы (1748–1786) Нуралы хан, ошондой эле султандар Ералы, Айчубак жана Султанмухаммед менен Екатерина IIнин такка отургандыгынын урматына ант берип, грамота алышкан. 1763-ж. чек араны көзөмөл кылган орус бийлиги Жайык менен Иртыш сууларынын  аралыгындагы жайыттарды казактардын пайдалануусуна тыюу салган. Жалаң мал чарбасы менен күн көргөн Орто жүзгө караштуу казактардын бир бөлүгү аргасыз Балхаш көлүнүн түндүк-батышына, экинчи бөлүгү анын чыгышы жана түштүк-чыгышына жылууга аргасыз болуп, айрым султандар ант берип, Цин империясынын карамагына өтө башташкан. Натыйжада кыргыз-казак чек ара маселеси жаралган (кара: Абылай хандын кыргыздарга каршы жортуулдары). 1765–1766-жылдары бир нече жолу Ташкентке чабуул жасаган. 1765-жылы Абылай Кокондун беги Эрденени чаабуу үчүн жардам сурап, орус бийлигине кайрылган, бирок алардан оң жооп алган эмес. Андан соң Эрдене менен тынчтык келишимин түзүүгө аракетине өткөн. Ал үчүн адегенде кыргыз бийи «Балдыбектен» тартуу алып, жарашкандан кийин 1765-жылы Кокон бийине элчисин жөнөткөн. Эрдене бий Абылайдын бул сунушунан баш тартып, жооп ордуна жети кылыч, беш туу «белек» кылып жиберген. Кокон бегинин ийге келбесин түшүнгөн Абылай 300 кол менен бакма баласы Бөрү султанды Коконго каршы аттандырат. Бирок Кокон бийи аларды түгөл туткунга алган. Абылайдын аларды бошотуу аракетине киришкен. Бирок анысы ишке ашпай, чакан колу менен аттанган Абылай аркасы жана капталынан жарат алып, артка чегинген. Орус маалыматтары боюнча колунун аздыгына «Балдыбек» берген тартууларды бөлүшпөй, жеке өзүнө ыйгарып алганына байланыштуу анын кол алдындагы казактардын тарап кетиши себеп болгон. Мындан кийин Кара-Тоодон конуш алган Абылай ташкенттик бийлерди Кокондон бөлүп алуу аракетине киришкен. Ушул учурда Абылай Ташкентке убактылуу ээ болот. Шаардын бегинен тартуу алып, ал жердеги Шамшы (Самси) молдонун башын алдыргандан кийин, кайрадан элдешүүгө чакырып, Эрдене бийге элчилерин жиберген. Андан терс жооп алгандан кийин, кыргыздарга каршы аттана баштаганы айтылат. 1766-ж. Эрдене бийди Цин императоруна багындырып берем деген шылтоо менен жардам сурап, Төлө бийдин уулу Байтик баатырга 6 киши кошуп, Пекинге жиберген. Император бул чатакка кийлигишкиси келбей, андан баш тартканда, Кокон бийи менен тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. 1767-ж. Ташкент шаарын каратам деп, жардам алуу үчүн тууганы Керейди кайрадан Пекинге элчиликке жиберип, өзү Ташкентке келген. Жергиликтүү тургундар жана анын тегерегиндеги эл Абылайдын бийлигин урушсуз таанып, салык төлөп турууга макул болгондо, урушпай калган. 1767-ж. күздө кайра курал-жарак жана жардамга аскер сурап, Пекинге султан Давлеткерейди аткарат. Бул жолу Цин императору эгер Абылай уулдарынын бирин аманатка жиберсе жардам берүүгө макулдук берген. 1768-ж. жазында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тархан башында турган казактар Талас тараптагы кыргыздарга кол салган. Натыйжада булардын экөө тең өлүп, алардын кунун кууп жана бир кызы менен беш миңге жакын малын кайтарып алмакка казактар Абылайга кайрылган. Ушул абалга байланыштуу Абылай уулу Валини аманат кылып бермекке 1768-ж. күзүндө Пекинге дагы бир жолу элчилерин жөнөтөт, бирок Цин өкмөтү Абылай кишилерин аманатка атак-даңк алууну гана көздөп жиберип жатканын эскертип, жардам бермек түгүл Валини шылдың кылып, кайра артка кайырган. Оренбургдун губернатору (1768–1781) И. А. Рейнсдорпко 1769-ж. жазган катында: «сырткы жоодон коргонуу үчүн оң миң, жакындагы душманга каршы миңге чейин жана ич ара иштерге 500 аскер берүүсүн» сураган. Бирок жооп алган эмес. 1771-жылы январда Эдил (Волга) дарыясынын жээгиндеги Уубашы хандын (1761–1771) карамагындагы калмактар казак талаасы аркылуу Жуңгар жерине өтүүгө аракет кылып, ага Абылай султан да катышкан. Тарыхта бул «Чаңдуу жортуул» окуясы деп аталган. Калмактар өздөрү менен ала кеткен мусулмандардын арасында түркмөндөр жана кыргыздар болуп (кара: Абдыракман Күчүк уулу), Абылай бул кыргыздарды калмак туткунунан бошотуп алып, кийин алар Орто жүз казактарынын арасында калган. Ошол эле жылдын жай айында Абылмамбет хан көз жуумгандан кийин Түркстандагы Кожо Ахмед Йасауинин мечитинде хан көтөрүлгөн. 1772-ж. Цин императору тарабынан дагы хан деп таанылган. Абылай башка султандардан куулугу жана амалкөйлүгү менен өзгөчө айырмаланган. 1772-ж. «сырткы душмандарды орус бийлигине баш ийдирүү үчүн» И. А. дагы бир жолу Рейнсдорпко кайрылган. 1776-ж. 2-февралда өзүнүн орус бийлигине кылган кызматын жана жеке эрдиктерин көрсөтүп, өзүнө казактардын башка хандарынын үстүнөн караган «башкы хан» титулун ыйгарууну, ошондой эле жардамга курал-жарак, аскер берүүнү сурап, Екатерина IIге кат жазган. Абылай хандын минтип, кайра-кайра орус бийлигинен жардам сурап жаткан максатын өз өкмөтүнө түшүндүргөн тилмеч Я. Усманов: «башка эмес, кыргыздарга каршы, аларга туткунга кеткен түркстандыктарды куткарып, аларды (кыргыздарды) багындыруу» экенин жашыруун билдирген. Бирок Абылай орустардан жардам ала албай, кайрадан Цин императоруна элчи аткара баштап, алардан да терс жооп алган. Анын биринде (1777-ж. февраль) император Ташкентти басып алуу үчүн анын көптөн бери жардам сурап жүргөнүн эскертип: «тагыраак айтканда ал жерди каратып алууга күчүң жетпегендиктен, бизден жардам алгың келип жатат. Эс-дартыңыздын баары Ташкентти алуу, бирок ташкенттиктер дагы менин карамагымда, силер үчүн аларды чапсам кандай болот?» деген жооп кат жиберген. 1778-ж. Иленин губернаторуна (жайсаң–цзянцзюнь) кат жазып, жакын тууганы Оторчуну (Отаршы, Отоэрци) жиберген. Катында эгер жардамга аскер берсеңер Ташкентти Цин империясына каратып берүүгө убада кылган. 1778-ж. ошол эле Оторчуну кайра Ташкентке элчиликке аттандырып, Цин императору мындан ары алардан салык жыйноону өзүнө (Абылайга) тапшырганын билдирип, мөөр басылган кагазын көрсөткөн. Ташкенттиктер башында макул болуп, бирок анын калп экени билинип калганда, элчинин башын алышкан. Орус бийлигинен алыстап, Цин императору менен ымаласы келишип калганын түшүнгөн Екатерина II Абылайды өзүнүн таасиринде кармоого абдан аракет кылып, эгер кат жүзүндө кайрылса, анда хандык даражасын тааный тургандыгын билдирген. Ушуга байланыштуу Абылай уулу Тогумду Петербургга элчиликке жөнөткөн. Екатерина II 1778-ж. 24-майда Абылайды Орто Жүздүн ханы кылып дайындаган буйругун чыгарган. Бүткүл Үч жүз эмес экенин угуп, буга нааразы болгон Абылай Россияга ант берүүдөн баш тарткан Ага карабай, өз таасиринен чыгарып жиберүүдөн чочуган орус бийлиги жыл сайын Абылайга 300 рубль жана 200 пуд ун төлөп турууну уланткан. 1777–1778-жылдары анын бедели кескин түшүп, ага караштуу Орто жүздөгү айрым уруулар бөлүнүп кете башташкан. Биринчилерден болуп, 300 түтүн наймандар Цин империясынын чек арасына көчүп, атыгай-карауул, керей, каксал жана каракесек уруулары Абылайга баш ийбей тургандыгын билдиришкен. 1779-ж. октябрь айындагы Орус өкмөтүнүн маалыматтарында өткөн мезгилде Абылайдын Түркстан менен жапайы кыргыздардын чек арасына көчүп келип (кыргыз санжыраларында Түйүшкөн, б.а. Үч-Кайыңды жана Корготу суулары кошулган жер), же алар менен келишип, же күчкө салып багындырып келүү үчүн баласы Чыңгыз султан жана жакын тууганы Абылпейиз султанды аттандырганы айтылат. Бирок, алардын жолу болбой, кийинки жолу Ташкенттен ок-дары алдыртып, өзү баштап аттанууга аргасыз болгон. Абылай хандын кыргыздарга жасаган чабуулу тууралуу маалыматтар кыргыз санжыраларында да көп кезигет. Тилмеч М. Бекчуриндин маалыматы боюнча 1780-ж. апрель айында Абылай эки миңге жакын колу менен Түркстанда турган. Көп өтпөй кыргыздар «адатынча уруулугун карматып», тоодон түшүп келип, казактарды үч мертебе чаап, көп жылкы айдап кеткенин, натыйжада Абылай Түркстанды калтырып, Ташкенттен алты күндүк алыс жерге көчүп кеткен. Ал ушул жерде 1780-ж. күзгө жуук катуу оорудан кийин капысынан көз жуумп, сөөгү Кожо Ахмед Йасавинин күмбөзүнүн жанына коюлган.

Ад.: Казахско-русские отношения в XVI-XVIII вв. Сб. док. и материалов. А.-А., 1961; Андреев А. И. Описание средней орды киргиз-кайсаков. А., 1998; Левшин А.И. Описание киргиз-казачьих, или киргиз-кайсацких орд и степей. А., 1996; Абылай хан. Өмірі мен қызметіне қатысты құжаттар мен материалдар. /Құрастырған, қазақшаға аударған, көрсеткіштерін түзген, түсініктерін жазған З.С. Тайшыбай. Петропавл, 2005; Насенов Б. Абылай хан. Новосибирск, 2005; Златкин И. Я. История Джунгарского ханства. М., 1964;  Кузнецов В.С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. Новосибирск, 1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Цинская империя и казахские ханства. Вторая половина XVIII-первая треть XIX в. А., 1989; Абылсейит М. Казак ханы Абылай тууралуу тарыхтын актай барактары. //Кыргызстан тарыхынын маселелери. № 4. 2006; Хафизова К. Ш. Степные властители и их дипломатия в ХVIII–ХIХ веках. Нур-Султан, 2019. Алымбектин санжырасы. Б., 2007.

Т. Асанов.