АБШЫР-САЙ ГИПС КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБШЫР-САЙ ГИПС КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Жаңы-Арык кыштагынан 1,5 км түндүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1790-1970 м бийиктикте. 1954-58-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Гипс бор мезгилинде пайда болгон чопо, акиташ, кум тектеринин арасында жатат. Гипс катмарынын калыңдыгы 50 мге жетет. Катмардагы гипс 98,81%, 1-сорттогу курулуш гипсин алууга жарактуу. Гипс кыртышты гипстентүүгө жана цемент даярдоого пайдаланылса болот. Гипстин запасы Сг категориясы боюнча 1320 миң т, С2 26400 миң т.