АБУ БЕКР КЕЛЕВИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБУ БЕКР КЕЛЕВИ (т. ж. белгисиз – 1366) – 1365–66-жылдары Самаркандда болгон сарбадарлардын монголдорго каршы көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири. Самарканддык кол өнөрчү Могол ханы Ильяс кожонун 1365-жылы Мавераннахрга жасаган жортуулунда Самарканд эмиринин аскерлери жеңилип, шаардан качып кеткен. Ошондо Самарканддын Абу Бекр Келеви башчылык кылган сарбадарлар (фарсча – дарга баш тоскондор) монголдорго каршы көтөрүлүп, аларды чегинүүгө аргасыз кылган. Самаркандда бийлик сарбедарлардын колуна өтөт. Бирок качып кеткен эмир Хусаин сарбадарларды алдап, көтөрүлүш жетекчилерин, алар менен бирге Абу Бекр Келевини да даргага асып өлтүртөт да, Самаркандда өз бийлигин кайра калыбына келтирген.