АБУСИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБУСИР – б. з. ч. 3–1-миң жылдыктын ортосу ченде Нилдин сол жээгинде, Каирдин (Египет) түштүк-батыш жагында тургузулган египет некрополу (Мемфистеги некрополдордун бири). 1898–1908-жылдары немец археологу Л. Борхард, 1960-жылдан чех экспедициясы (М. Вернер, Л. Бареж) ж. б. тарабынан изилденген. V династиянын фараондорунун пирамидалык комплекстери (анын ичинде династияны негиздөөчү Хентакаус ханшанын пирамидасы; пирамиданын жанындагы храмдардан папирустук архивдер табылган) жана дубалга түшүрүлгөн сүрөт-жазуулар жана скульптуралар, рельефтери менен масштабдар; V династиянын падышасы Усеркафтын күн храмы, Соңку падышачылыктын шахталык табыттары (анын ичинде XXVI династиянын чиновнигинин уурдалып-тонолбогон табыты, кооздолгон саркофаг, идиштер, эмерек ж. б.) жайгашкан.
Ад.: Вернер М. Древний Египет: загадки и открытия. Вестник древней истории. 1991. №1; Verner М. Forgotten pharaohs, lost piramids: Abusir. Praha, 1994.