АБСТИНЕНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБСТИНЕНЦИЯ (лат. abstinentia - кармануу, токтонуу) – спирт ичимдиктерин ичүүдөн, тамеки тартуудан, жыныстык жактан ж. б. толук кармануу. Баңгилерде – наркотикти, алкоголду капысынан таптакыр кабыл албай калганда пайда болгон оорулуу абал. Анда нерв-психикасы бузулуп, жалпы абалы начарлайт.