АБРАМОВ Алексей Фёдорович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБРАМОВ Алексей Фёдорович [31 (башка кабарларда 13). 12. 1925, РСФСР (азыркы Россия Федерациясы), Оренбург губерниясы (азыркы Башкыртстан Республикасы), Стерлитамак уезди (азыркы Белебей району), Даниловка кыштагы – 12. 06. 2010, Россия Федерациясы, Липецк облусу, Задон району, Донское кыштагы] – Даңк орденинин толук кавалери.

АБРАМОВ54.png

1935-жылы үй-бүлөсү менен Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарына көчүп келген. 15. 09. 1943-жылы Сузак (Октябрь) районунун аскер комиссариаты тарабынан Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Смоленск, Ржев, Витебск шаарлары, Нарев плацдармы үчүн болгон уруштарга, Данциг менен Кёнигсбергди алууга катышкан. Согуш майданында көрсөткөн эрдиги үчүн А. Ф. Абрамов биринчи жолу (21. 02. 1945) 3- жана (05. 04. 1945) 2-даражадагы Даңк ордени ыйгарылган. Эльбага жакын аймакта салгылашуудагы А. Ф. Абрамовдун эр жүрөктүүлүгү жогору бааланып, ал 1-даражадагы Даңк орденине (27. 07. 1945) татыктуу болгон. Согуштан кийин Көк-Жаңгак шаарына кайтып келип, шахтёрлук кесибин кайра уланткан. Медалдар менен да сыйланган. 1992-жылы Россия Федерациясынын Липецк облусуна көчүп кетип, 2010-жылы Москва шаарындагы Жеңиш парадына катышкан.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.