АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР
Jump to navigation
Jump to search
АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР а б р а з и в д е р – металлдын бетин, минералдарды, тоо тектерди, айнекти жана башка материалдарды механикалык иштетүү үчүн (кесүү, курчутуу, жылмалоо жана башка) колдонулуучу өтө катуу заттар. Алар табигый (алмаз, корунд, чарык таш, пемза, гранит жана башкалар), жасалма (электркорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз) болуп бөлүнөт. Жасалма абразивдүү материалдардан жасалган аспаптардын мизи жука болуп, катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугу кыруу-жонуу иштерин ылдамдатып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.