АБРАЗИВДҮҮ АСПАПТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБРАЗИВДҮҮ АСПАПТАР (лат. abrasivus кырып-жонуучу) – катуу материалдарды жана пластмассаны иштетүүдө колдонулуучу абразивдүу материалдардан (өзгөчө бышык, катуу заттардан) жасалган жабдыктар. Абразивдүү аспаптар к а т у у (жылмалоочу тегерек, бөрк, сегмент, кайрак) жана ийилчээк (жануур, тасма ж. б.) болуп бөлүнөт. Абразивдүү аспаптар негизинен электркорунд, кремний карбиди, жасалма жана табигый алмаздан жасалып, алардын кесүүчү абразивдүү бүртүкчөлөрүн бириктирүүдө чопо, бакелит, силикат, магнезий пайдаланылат. Абразивдүү аспаптардын 12 миңге жакын түрү чыгарылат. Аларга кошулган алмаздын өлчөмү (1 мм3 көлөмдөгү алмаз) – анын негизги көрсөткүчү. Алмаз 100% кошулганда, 1 мм3 катмарда 0,878 мг алмаз болот. Мисалы, жылмалоочу тегерек жасалчу курамга 25–200% ке чейин алмаз кошулат.