АБОНЕМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБОНЕМЕНТ (фр. abonnement – чектөө) – белгилүү бир мөөнөткө кандайдыр бир нерсени (мисалы, китепкана кызматын, театр же стадиондогу орунду, телефон номерин ж. б.) алдын ала акы төлөө менен пайдалануу укугу жана бул укукту күбөлөндүрүүчү документ. Абонемент – окурманга китепканадан алынган басма сөз чыгармаларын белгилүү мөөнөткө пайдаланууга укук берет.