АБЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБЛЯЦИЯ (соңку лат. ablatio – алып коюу) г л я ц и о л о г и я д а – мөңгү же кар катмарынын эрүүдөн, буулануудан же механикалык ажыроодон (шамалдын учурушунан, айсбергдердин бөлүнүшүнөн жана башка) кичирейиши. Пайда болуу өзгөчөлүктөрүнө жараша түпкү, ички жана үстүнкү абляция болуп бөлүнөт. Т ү п к ү абляция жердин ички жылуулугунан жана муз катмары козголгондо анын жер кыртышына сүрүлүшүнөн, ички абляция муз бөлүктөрүнүн өз ара сүрүлүшүнөн жана суу менен абанын муз арасынан өтүшүнөн, ү с т ү н к ү абляция күн радиациясы менен абанын жылуулугунан пайда болот.