АБИССАЛЬ ТҮЗДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБИССАЛЬ ТҮЗДҮКТӨРҮ – океан жана деңиз чуңкурдуктарындагы жайык түз жерлер. Абиссаль түздүктөрү Дүйнөлүк океан таманынын 3/4, Жердин аянтынын 1/2 (270 млн км2) бөлүгүн ээлейт. Морфологиялык түзүлүшү жагынан тайпак жана дөңсөөлүү болуп 2 типке бөлүнөт. Тайпак абиссаль түздүктөрү океан чуңкурдугунун чет жагына, деңиз ойдуңунун борбордук бөлүгүнө туура келет. Мындай түздүктөр өтө тегиз келип, алардын ар кайсы жерлеринде жанар тоодон пайда болгон дөбөлөр кездешет. Тайпак абиссаль түздүктөрү Атлантика океанында көп (Хаттерас, Бискайя, Ангола ж. б.). Дөңсөөлүү абиссаль түздүктөрүнүн рельефи татаал. Түздүктүн бети дөңсөөлүү, жалчалуу келет, борпоң, чөкмөлүү ойдуңдары бар. Ой жерлердин тереңдиги 500 мден 100 мге чейин жетет. Мындай түздүктөр Тынч, Инди, Атлантика океандарына мүнөздүү.