АБЕЛЬ ГРУППАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБЕЛЬ ГРУППАСЫ – кошумча түрдө коммутативдик закон аткарылган группа. Эгер группалык амал мультипликативдик ("-" - көбөйтүү) болсо, коммутативдик закон а • Ь = Ь • а деп, эгер группалык амал аддитивдүү "+" - кошуу) болсо, коммутативдик закон а + Ъ = Ъ + а деп жазылат. Коммутативдик законго баш ийген группа Норвегия математиги Н. Абелдин атынан коюлган. Циклдүү, эркин абелдик, локалдуу циклдүү группалар ж. б. Абель группасынын мисалы болуп эсептелет.
Ад.: Курош А Г. Теория групп. М., 1967.