АБДЫШЕВА Токтогүл
Jump to navigation
Jump to search
АБДЫШЕВА Токтогүл (15.12.1923, Чүй облусу, Панфилов району, - 3. 10.2005, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Люксембург айылы) - тигүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). Абдышева 1946-жылдан Фрунзедеги трикотаж фабрикасында тигүүчү-мотористка болуп иштеген. Ал норма боюнча күнүнө 2600 топ-
чулуктун ордуна 4000ди жасаган, «Коммунисттик эмгектин эпкиндүүсү» деген наамга татыктуу болгон (1955). Эки жылдык планды бир жылда аткарган (1970–71). Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.