АБДЫРАХМАН Күчүк уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫРАКМАН Күчүк уулу (орус архив маалыматтарында Абдрахман Кучаков, 1758-жылдан мурун – 20. 06. 1789, Петропавловск чеби) – элчи, соодагер. XVII кылымдын аягы – XVIII кылымдын башында Жуңгар хандыгы Борбордук Азияны басып алышына байланыштуу жергиликтүү түрк урууларынын айрым өкүлдөрү ойрот хандарына кызмат кылып калышкан. Алардын ичинде бир нече ондогон түтүн кыргыздар да болуп, 1758-жылы Цин империясынын аскерлери тарабынан Жуңгар хандыгы толук талкаланганда, аларга баш ийүүнү каалабаган кыргыздар алгач Сибирь линиясына келип баш калкалашкан. Ал жерде орус бийлигин кабыл алгандан кийин Волга дарыясынын жээги, азыркы Астрахан шаарына жакын жерлерге көчүрүлгөн. Бул жактан Абдыракман Күчүк уулу орус тилинде эркин сүйлөп, кат жазууга үйрөнгөн. 1771-жылы кыш айында Волга жээгиндеги калмактардын ханы (1761–1771) Уубашы кол алдындагы 33 миң түтүн эли менен кайра Кытайга качканда, кыргыздар ордунда калып, жергиликтүү орус акимчилигинен кысым көрүп жатканын билдирип, орус падышасы (1762–1796) Екатерина IIге арызданышкан. Андан жооп келгиче бир аз кыргыз өз мекенине кайткан. Кайткандардын ичинде Абдыракман Күчүк уулу да болуп, Ташкенттен Россияга каттаган кербенчилерге кошулуп, кийинчерээк «ташкенттик көпөс» катары таанылып калган. Ушул жактан Атаке бий Тынай уулу менен жакындашып, ал 1785-жылы аны жол көрсөткүч кылып, Шергазы Орозбай (Уразбаев) уулу менен бирге Россияга элчиликке аттандырган. Орус бийлигине жазган Атаке бийдин эки катынын биринчиси Сибирдеги орус бийлигине арналып, «мындан ары аны таанып жүрүүгө» чакырган жана аларга эки аргымак тартуулаганын билдирген. Екатерина IIге арналган 2-катында орус өкмөтүнө көз каранды болуу же алардын бийлигин кабыл алуу тууралуу сөз айтылбай, башында өз ата-тегин даңазалап келип, андан ары Орто Азия жана Чыгыш Түркстан аркылуу каттаган соода кербендерин кыргыз жери менен өткүдөй өзгөртүүнү колдоону суранган. Аны менен бирге «орус падышасына бир кул жана үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин» тартуулаганын жана ал белектерди жеткирүүнү «өз элчилери Абдрахман менен Ширгазыга тапшырганын» эскертет. Чүй өрөөнүнөн 1785-жылы июль айында чыккан элчилер 23-августа Омск шаарына келген. Борборго келүүгө расмий уруксат берилгенден кийин, поручик И. Сипайлов коштогон элчилер Петербургга жөнөтүлгөн. 1786-жылы декабрь айында аларды падыша салтанат менен кабыл алган, ошондой эле Атаке баатырды 800, Абдыракманды 100, Шергазыны 25 күмүш акча менен сыйлоого буйрук берген. Борбордо жүргөндө Абдыракман Күчүк уулу сыркоолоп калып, аны артка кайтаруу бир топко кечеңдеген. Натыйжада Атаке бийге жооп кат жеткирүү соода кербенинин башчысы М. Агаферов менен казандык көпөс А. Нурмаматовго тапшырылат. Алар 1787-жылы октябрь айында Омскдан чыгып, Чүй – Ысык-Көлгө чейин келип, Екатерина IIнин жообун Атаке бийге тапшырып, кыргыздар тууралуу алгачкы кабар жыйнап кетишкен. Бирок жиберген элчилеринин кечиккенине кабатыр болгон Атаке бий алардын кабарын билип келүүгө 1788-жылы жайында Абдыракмандын уулу Сатымбай башындагы экинчи элчиликти аттандырат. Алар Омск шаарына 2-августта жеткен. Аңгыча Сибирдеги орус бийлигине М. Агаферовдун кербени жолдон тонолгону, ал Атакенин уулдары Солтоной менен Байшүкүр колдуу болгону тууралуу кабар жеткен. Тергөө иши башталып, Сатымбай кармалган. Петербургдагы 1789-ж. январь айында Омскга кайтып келген Абдыракман Күчүк уулу Атаке баатырга «элчиликтен ийгиликтүү кайттым» деп кат жөнөткөн. Ал тергөө ишине катышып жүрүп, 1789-жылы 20-июнда Петропавловск шаарындагы мечитте дүйнөдөн кайткан.

Ад.: Плоских В. М., Сапаралиев Д. Новые данные о первом киргизском посольстве в Россию. //Известия Академии наук Киргизской ССР, № 2. 1982; Кыргызстан-Россия: История взаимооношений. XVIII-XIX вв. Сб. док. и материалов. Б., 1998.