АБДЫРАХМАНОВ Төлөбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫРАХМАНОВ Төлөбек Абылович  [1. 1. 1962-жылы туулган, Нарын облусу, Тянь-Шань (азыркы Нарын) району, Куланак айылы] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2011), доцент (2006), тарых жана саясат таануу адистиктери боюнча профессор (2014). КРдин Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. КР УИАнын мүчө-корреспонденти (2021). СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун тарых факультетин (1987), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1991) бүтүргөн. 1991–92-жылдары КМУнун тарых факультетинде лаборант, 1992–96-жылдары окутуучу, 1996–2001-жылдары доцент, 1998–2001-жылдары Ж. Баласагын атындагы КМУУнун "Кыргыз таануу" окуу-илимий борборунун директору, 2001–05-жылдары И. Арабаев атындагы КМПУнун окуу-инспекциялык дирекциясынын башчысы, директору, 2005–06-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча департаментинин директору, 2006–10-жылдары гуманитардык билим институтунун директору, 2010-22-жылдары Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректору, окуу иштери боюнча проректору, ректору, 2022-жылдан Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору. Илим жана билим берүү тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн «ЭКО» (Экономикалык Кызматташтык Уюму) сыйлыгынын лауреаты, Түрк дүйнөсүнүн илим жаатындагы жетишкендиктери үчүн «Эскишехир» сыйлыгынын лауреаты (Түркия). КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) мүчөсү, ЮНЕСКО иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын мүчөсү. 300дөн ашык илимий, илимий-теориялык, илимий-методикалык жана илимий-популярдуу эмгектердин (анын ичинде 16 монография, 15 окуу куралы) автору жана авторлош. Медалдар менен сыйланган.