АБДЫНАСЫРОВ Уран Тойбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫНАСЫРОВ Уран Тойбаевич (1963-жылы туулган, Фрунзе ) – экономика илимдеринин доктору (2010). 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. 1985-жылдан КРдин өкмөтүндө референт, эксперт, КРдин чет элдик инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин генералдык директорунун орун басары, 1-орун басары, сатып өткөрүү жана инвестицияны стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору, КР ЖКда төраганын орун басарынын кеңешчиси, КР АГУПта кафедра башчысы, профессор болуп иштеген. Абдынасыров 45 илимий эмгектин, 3 монографиянын автору.